Жанылыктар

ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаковдун Жаңы жылдык куттуктоосу

О рошон ойлор биригип,

Ш агынан оомат ийилип.
М
ээримин төгүп жаңы жыл,

У ланып келсин ийгилик!

Урматтуу устат агай-эжекелер, студент достор!

Мезгилдин коңгуроосу жаңырып, саат жебеси кагылып, кучагына жакшылыкты батырып, 2019 - жыл кирип келди шаштырып.

ОшМУбуздун ынтымагын арттырып, өткөн жылы ийгиликтер жаралып, жамаатыбыздын аты бүт дүйнөгө таралып, университетибиз ар тараптан өрлөдү, жакшылыкты, жаңылыкты көздөдү.

Сиздер менен биргеликте келечекке багыт алып, жаратмандык менен ишибиз өсүп–өнүгүүгө багытталып, зор ишенимде жашап жатабыз!

Жаңы жыл ар бирибиздин үй-бүлөбүзгө ырыскы, бакыт берсин, жамаатыбызга биримдикти берип келсин, ак мөңгүлүү Ала-Тообузга, тынчтык менен өнүгүүнү алып келсин, ак калпак кийген элибизге байгер жашоонун үрөнүн сээп келсин, ушул жылы ОшМУбуздун түндүгү бийиктиктесин!

Жан дүйнөңүздөрдө ак кардай тазалык, жүрөгүңүздөрдө күн нурундай жылуулук болсун, үйүңүздөр мээримге толсун!

Ар бириңиздерди үмүт менен ишеним жандап, бири-бирибизди аяп, сактап, Ата-Журттун ишенимин актап, жумушубузда жоопкерчиликти тактап, калыстыкты, тууралыкты жактап, студенттерибизди саяпкердей таптап, жамандыкты аттап, билимибизди өркүндөтүп, китепканага каттап, жакшылыкты көөдөнүбүздө жаттап - жашайлы!

Жаңы жылда үй-бүлөңүздөрдө бакыттын, шам чырагы жанып турсун!

Урматтуу устаттар, студент достор! Ар бириңиздердин колуңуздарды бекем кысып, чын дилимден куттуктаймын!

2695 14:54 19-12-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|