2021-жылдын 19-март күнү ФБИТТТЭ бөлүмүнүн башчысы О.Э.Абдрахмановдун чакыруусу менен ФКР-2-18, БДР-2-18 тайпаларанын студенттерине "Менеджмент" дисциплинасы боюнча "Бизнести пландоо жана аны уюштуруунун жолдору" деген темада конок лекция уюштурулду. Конок лекцияны Ош шаардык кеңешинин депутаты, жеке ишкер, экономика жана башкаруу боюнча адис - Каримбеков Абдисаит Момунбаевич алып барды. Бизнес план түзүү, ал үчүн алгач конкретүү максаттарды аныктоо, коюлган максатка жетүүдө алгоритм боюнча иш-аракеттерди белгиленген мөөнөттө б.а. өз убагында аткарууга жетишүү, болжолдуу тоболкелчиликтерди алдын-алуу, түрдүү кырдаалдарга даяр туруу керек экендиги ж.б. студенттер үчүн кызыктуу жана пайдалуу маалыматтар менен бөлүштү. Лекциянын соңунда студенттер кызыккан суроолоруна жооп алышты жана лекторго ыраазычылыктарын билдиришти.
"Бизнести пландоо жана аны уюштуруунун жолдору" деген темада конок лекция болуп өттү
15:39