Жанылыктар

21- март Нооруз майрамы.

18- март күнү медицина факультетинин башкы корпусунун алдында Нооруз майрамына карата майрамдык иш чара болуп өттү.1-курстун студенттеринин арасында улуттук тамак-аш,каада-салттар,ыр–бийлер боюнча конкурс улуттук оюндар уюштурулду. Нооруз майрамына арналган медицина факультетиндеги иш чараларга ОшМУнун ректору Каныбек Исаков, ошондой эле медицина факультетинин деканы Исмаилов Алимбек Адылбекович жана тарбия иштери боюнча орун басарлары,окутуучулар, студенттер катышышты. Нооруздун негизги улуу тамагы болгон сүмөлөктөр кайнатылып,майрамдык иш чараларга катышкан бардык коноктор студенттер менен бирге сүмөлөк аралаштырып,жаңырып келген жаңы жылда эл-журтка жакшылыктарды тиледи. Коомдук-маданий иш чараларга активдүү катышып,спорттук оюндарда жеңишке жетишкен студенттерге диплом, баалуу белектер ыйгарылды. Мындай иш-чаралар Ош МУну ректораты жана профсоюз уюму тарабынан колдоого алынып салтка айланып жыл сайын уюштурулуп келет.
2032 10:35 20-03-2019

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|