Жанылыктар

6-ноябрь, 2020-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетин магистранттарын башкаруучулук жана илимий-изилдөөчүлүк практикасына жөнөтүү үчүн онлайн конференция болуп өттү.

6-ноябрь, 2020-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетин магистранттарын башкаруучулук жана илимий-изилдөөчүлүк практикасына жөнөтүү үчүн онлайн конференция болуп өттү. 6-ноябрь, 2020-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетин 1-курсунун магистранттарын башкаруучулук практикасына, 2-курсунун магистранттарын илимий-изилдөөчүлүк практикасына жөнөтүү үчүн магистратура программасынын жетекчиси, т.и.к., доцент Жумашова Г.С. онлайн конференция уюштурду. Анда факультеттин деканынын м.а., т.и.к., доцент Арстанов С.А. сөз сүйлөп, конференцияны ачып берди жана практикада коюлган максаттарга, милдеттерге, маселелрге токтолду. Ошондой эле, жакынкы мезгилдерде боло турган онлайн-илимий конференциялар жана илимий журналдарга жарык көрүүчү макалалардын структурасы, талаптары боюнча факультеттин илимий иштер жана эл аралык байланыштар боюнча декандын орун басары, т.и.к., доцент Чыныкеева Г.Э. кенен маалымат берип, суроолого жооп берди.
941 23:53 06-11-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|