Жанылыктар

7-февраль, 2020-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетинде “Чиеш тагдырлар. Кыргыз тарыхын кайрадан ачып” аттуу китебинин бет ачары өткөрүлдү.

7-февраль, 2020-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетинде “Полис Азия” аналитикалык борбору “Өз тагдырын аңдап түшүнүү” уюмунун колдоосу менен “Чиеш тагдырлар” Кыргыз тарыхын кайрадан ачып” аттуу китебинин бет ачары өткөрүлдү. Бул китепте совет мезгилинде (1917, 1937-1938-жж. – Сталиндик репрессиялар жана 1953-жылга чейинки саясий репрессиялар) Кыргызстанда жашаган адамдардын жеке тарых-таржымалы баяндалган. Китептин бет ачарына “Азаттык” радиосунун журналисти, публистчи, филология илимдеринин кандидаты Бекташ Шамшиев, И.Арабаев атындагы КМУ доценти, тарых илимдеринин кандидаты Гулзада Абдалиева, “Эсимде. Өткөн тарыхты эстеп” долбоорунун жетекчиси, түзүүчү жана жооптуу редактор, изилдөөчү Элмира Ногойбаева, белгилүү манасчы Талант Бакчыев келип катышты. Кызыктуу суроолорду берип, пикир алмашкан студенттерге жана факультеттин китепканасына китептер белекке берилди.
1206 18:04 07-02-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|