Жанылыктар

30-31-май күндөрү ИПКда доцент К.Б.Байгазиев НББП боюнча студенттер үчүн презентация өткөрдү.

Презентацияда НББПны иштеп чыгуудагы нормативдик документтер менен тааныштырды. Ошондой эле орто кесиптик билим берүүдөгү 050709 багыты боюнча “Башталгыч класстарда билим берүү” адистигинине окуу-методикалык документтерди даярдоонун чен-өлчөмдүк топтомдоруна, жол-жоболоруна жана баалоонун сапаттары боюнча кеңири токтолуп өттү. НББПнын жалпы талаптарына жана шарттарынын коюлушуна студенттердин көңүлүн бурду. Колледж окутуунун программалары жана кайсы предметтер милдеттүү түрдө окутулушу керектиги же, кошумча кандай предметтерди вариативдик бөлүк катары киргизсе боло тургандыгы тууралуу ошондой эле студенттердин укуктары менен милдеттүү түрдө тааныштыруусу керек. Мына ошондуктан НББПны презентациялоодо студенттер өздөрү үчүн көптөгөн маалыматтарды ала алышты жана алар ар тараптуу болуу үчүн спортко, илимий ийримдерге, коомдук иштерге активдүү катышууга даяр болууларын түшүнүштү.
1661 16:03 06-06-2019

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|