17 майда ОшМУда “Сабаттуу бол” өнөктүгүнүн негизинде жат жазуу башталды.
16:21
17 майда ОшМУда “Сабаттуу бол” өнөктүгүнүн негизинде жат жазуу башталды. Бул иш чара индустриалдык-педагогикалык колледжде да өтүп жатат. Ага колледждин бардык кафедраларынын окутуучулары жана студенттери катышышты. “Сабаттуу бол” өнөктүгү ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамына, көмөкчү кызматкерлерине, студенттерине жат жазуу түрүндө өткөрүлүп, коомчулукту китеп окууга, сабаттуу жазууга үндөө менен жазуу маданиятын өркүндөтүүнү көздөйт.
1333 16:21 18-05-2019