2021-жылдын 4-февралында ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин СГД кафедрасынын кезектеги жыйыны болду. Жыйында кафедранын окутуучулары «21-февраль – Бүткүл дүйнөлүк эне тил» күнүнө карата университетте факультеттер аралык өткөрүлүүчү иш-чаранын Жобосу менен таанышып, аны аткаруу маселесин талкуулашты. Ошондой эле аккредитациянын талаптарына ылайык иш кагаздарын толуктоо жана оңдоо маселеси каралды жана окутуучуларга белгилүү бир убакытка чейин аны аткаруу жумушу милдеттендирилди.