Жанылыктар

СГД кафедрасы, ноябрь, 2020: "Русский язык-язык международного общения" темасында онлайн иш-чара болуп өттү

30-ноябрь күнү ЭМФтин СГД кафедрасында Zoom платформасы аркылуу орус тилине арналган "Русский язык-язык международного общения" темасында онлайн иш-чара болуп өттү. Иш-чарага ЭМФтин жакынкы чет мамлекеттен, Өзбекстандан келген 1-курстун жана алыскы чет өлкөлөрдөн, Индиядан келген жогорку курстардын студенттери катышышты. Бардык катышуучулар өздөрүнүн чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүштү. Иш-чара түркүн түстүү слайддар, орус тилинин пайда болуу тарыхы жөнүндө маалыматтар, орус тили жөнүндө ырлар менен коштолду. Майрамдын катышуучулары гана эмес, коноктор-окутуучулар дагы терен ыраазычылык билдиришти! Уюштуруучулар социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын орус тили секциясынын окутуучулар жамааты.
738 12:20 02-12-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|