Жанылыктар

СГД кафедрасы, ноябрь, 2019: 2019-2020-окуу жылына иш пландарын талкуулоо

2019-жылдын 4-сентябрында Социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасында жыйын болуп өттү. Жыйында, кафедранын иш планы, тарбиялык иштердин иш планы, жумушчу пландар жана көз карандысыз аккредитациялоого даярдык көрүү боюнча иш-чаралар каралды. Кафедра окуткан дисциплиналардын НББПдагы ролу, күтүлүүчү натыйжаларга тийгизген таасири, компетенцияларды калыптандыруу жана башка ушул сыяктуу маселелер талкууланды.Талкууга кафедранын окутуучулары жана стейкхолдерлери катышып, стейкхолдерлер окутуунун натыйжалары жана сабактардын иш программаларынын мазмуну жөнүндө өздөрүнүн пикирлерин жана сунуштарын айтышты. Ошондой эле жумушчу программаны иштеп чыгууда кафедранын окутуучулары кызыкдар тараптардын пикирлерин жана сунуштарын эске алышты.
1638 08:58 30-11-2019

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|