“Ноокат” гимназиясында жаз фестивалы
11:56
ОшМУнун Ноокат гимназиясынын чет тили мугалимдери Зайнидинова Ирасагүл, Парпиева Акжуурат жана немец тили мугалими Бакирова Айжаркындын жетекчилиги менен класстар аралык “SPRING FESTIVAL” аттуу “5-март ак калпак күнү” жана “8-март эл аралык аялдардын майрамына” карата иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарада окуучу кыздарга, эжейлерге жалпы эле айымдарга жагымдуу каалоолор, ыр-күүлөр, тамашалар экинчи тилде арналып, окуучулар чет тилдерин ийгиликтүү өздөштүрүп жаткандыгын далилдешти.
755 11:56 10-03-2020