Окуу жай мындай наамга өз имараттарын жана анын айланасын, шаардын аймагындагы ОшМУга бекитилип берген көчөлөрдү, парктарды тазалоодо, жашылдандырууда көрсөткөн активдүүлүгү, демилгелүүлүгү үчүн татып олтурат.
Эске сала кетсек, ОшМУнун жамааты жаз айлары башталаары менен шаарда тазалоо иштерин жүргүзүү менен, демилге көтөрүп шаардын аймагына көчөттөрдү отургузган, ошондой эле окуу жайдын демилгелүү студенттери бир нече жолу ыйык Сулайман Тоону, Токтогул, Навои атындагы эс алуу парктарын тазалоо акцияларын өткөрүшкөн. 2013- жылы да Ош шаардык мэриясы тарабынан ОшМУ «Үлгүлүү окуу жай» наамына татыган.