Конфуций институтунун күнү-2019
09:26
ОшМУнун Кыргыз - Кытай факультетинде салтка айланган "Конфуций институтунун күнү" белгиленди.
Иш-чараны ОшМУнун ректорунун м.а. К.Кожобеков ачып, жалпы жамаатты куттуктап, ийгиликтерди каалады.
Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө студенттер тарабынан кытай элинин каада-салттары чагылдырылып, көргөзмөлөр коюлду. Таланттуу жаштар тарабынан ыр-бийлер аткарылды.
Белгилей кетсек, 2017-жылы дүйнө жүзүндө 625 Конфуций институттун арасынан Ош МУнун Кыргыз-Кытай факультетине "Эң мыкты институт – 2017" номинациясы ыйгарылган.
1073 09:26 07-10-2019