Новости

ОшМУнун медициналык колледжинде 9-май Улуу Жеңиш күнүнө арналган «Эч ким, эч нерсе унутулбайт» аттуу темада көргөзмө уюштурулду.

7-8-май күндөрү ОшМУнун медициналык колледжинде коомдук дисциплиналар кафедрасы тарабынан 9-май Улуу Жеңиш күнүнө арналган «Эч ким, эч нерсе унутулбайт» аттуу темада көргөзмө уюштурулуп, эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү. Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхый мааниси, кесепеттери, андагы медициналык кызматкерлердин эрдиктери жөнүндө баяндалып, келечек муундун татыктуу тарбияланышында тарыхый сабактардын орду белгиленди. Окутуучуларга жана студенттерге Экинчи дүйнөлүк согушта эрдик көрсөткөн медкызматкерлер, кыргыз жоокерлеринин эрдиктери, элдин күжүрмөн эмгеги, Ленинград блокадасынан келген 150 баланы багып алган эне, согуштун кесепеттери, фашисттик жана япон дарыгерлеринин адамга жасаган илимий эксперименттери, концлагерлердеги укук бузуучу аракеттер көрсөтмөлүү баяндалды. Бул иш-чара, «Жерибизге тынчтык, амандык, токчулук тилейбиз» деп жыйынтыкталды.
1361 00:30 09-05-2019

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|