Новости

Мобилдүүлүк боюнча Туркиядан бир ирмем

Чет өлкөдө окууну кимдер гана кыялданбайт. Биз дагы 1-курста “Мевлана” программасы тууралуу угуп, түрк тилин үйрөнүүнү баштаганбыз. Көпкө эңсеген кыялыбыз орундалып 2019-2020-окуу жылынын күзгү семестринде Түркия Республикасынын “Болу Абант Иззет Байсал” университетинде мобилдүүлүк боюнча ийгиликтүү окуп келдик. Түркия жергесинин кооз табияты, меймандос, кичи пейил элинен сырткары билим берүүдөгү мыктылыгы менен бизди өзгөчө таң калтырды. Түркияда билим алуу үчүн сөзсүз түрдө университетке баруунун кажети жок, башкача айтканда студент аудиторияга байланган эмес. Сабактар лекция, практика деп бөлүнбөй, семинар сыяктуу болуп, жумасына 4 күн 2-3 сааттан (50 мүнөттөн) өтүлүп жатты. Студент сабакка катышуусу шарт эмес, маанилүүсү курсту өз алдынча окуп, экзамендерди ийгиликтүү тапшыруу! Ошого жараша экзамендер так, катаал жана адилеттүү алынат. Атайын сынак алуучу мугалимдер, ылайыкташтырылган аудиториялар бар. Түрктөрдүн өз сөзү менен айтканда: “Окуп гана кутуласың!”

Акырында айта кетчү сөзүбүз: “Япон кереметинин сыры” китебин окуган башка, Японияны көрүп келген башка, б.а. Японияга барып окуп, жашаган таптакыр башка нерсе. Ошондуктан бардык студент досторду ОшМУ түзүп берген мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, чет жактарга билим сапарына чыгууга чакырабыз!

МИТ факультетинин ПМИ(б)-1-17 тайпасынын студенттери Абдисаттар кызы Гүлчехра жана Рысбекова Гулбара

1318 18:58 13-02-2020

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|