Новости

“Бирге сыналгы көрөбүз” долбоору

“Бирге сыналгы көрөбүз” долбоорунун болжолдуу жобосу

I . Д олбоордун максаты

Ä 1. “Чогуу сыналгы көрбүз” долбоордун негизги максаты болуп дүйнө жүзүндөгү жакшы жаңылыктар, ачылыштар, жаратылыш үнүн маалымат катары студенттерге жеткирип, болуп жаткан окуяларга өз алдынча чечим чыгарууга, жеке пикир жарата алуусуна шарт түзүү максатында кыска метраждуу видео-роликтерди көрсөтүү менен (ата-энеге, мекенине, досторуна окуу жайына болгон сүйүүнү жандарадырып) жоопкерчиликтүү, активдүү жана интеллектуалдуу жаштарды тарбиялоо.

Ä 2.Өнүккөн мамлекеттердин өнүгүү тарыхын, цивилизация очогу менен тааныштырып, студенттерде каалоо, эңсөө сезимдерин жандандырып, позитивдүү жашоого үндөө;

3. Укуктук, документалдык, патриоттук, илимий ж.б.у.с. тасмаларды көрсөтүү менен укуктук аң-сезимдүүлүктүү жогорулатып, колдоно билүүсү менен студенттин өз алдынчалуулугуна көмөк көрсөтүү;

4.ОшМУнун тарбия департаменти жана жаштар комитети тарабынан студенттер үчүн зарыл деп эсептелинген, студент жаштарыбызды ар тараптуу өнүктүргөнгө чоң жардам берип, коомчулуктун кызыгуусун жылдан жылга арттырып жана шааардык деңгээлдеги уюштурулуп жаткан, тарбиялык мааниси чоң, таасирдүү иш-чараларга (“Стилдүү студент”, “ОшМУ мырзасы”, “ОшМУ периси”, “Идеалдуу түгөй” ) 500го чамалуу студенттерибиз көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болсо, копчүлүгү жогоруда аталган иш-чараларды көрө албай калышат. Мына ушул маселени эске алуу менен аталган иш-чараларды студенттердин кайсы бир тобуна көрсөтүүгө жетишип, патриоттук, улуттук көркөм тасмаларды, кыска метраждуу видео-роликтерди, терең маанини камтыган кинолорду көрсөтүү менен биргеликте жүрүм-турумдун, адеп-ахлактуулуктун, нравалуулуктун жогорку деңгээлин калптандыруу.

Ä Студент жаштардын маданий эс алуусун уюштуруу;

Ä Жалпы студенттерге мырзалыктын мыкты үлгүлөрүн көрсөтүү;

Ä Студенттердин интеллектуалдык жана маданий деңгээлин жогорулатуу;

Ä Студенттерди мекенчилдикке тарбиялоо;

Ä Кыздардагы сулуулуктун, аруулуктун, наздуулуктун жана акылгөйлүктүн үлгүлөрүн көрсөтүү;

Ä Cтудент жаштардын эстетикалык табитин арттыруу;

Ä Студенттердин сергек жана активдүү жашоо образын түзүү;

Ä моралдык дем берүү;

II . Д олбоорду уюштуруунун тартиби

Ä Ар бир айда эки жолу (патриоттук, улуттук, логикалык,укуктук, илимий, корком тасмалар ж.б.у.с.)кинолор тандалып, студенттерге сунушталат.

Ä Кыргыз жана орус тилинде көрсөтүлөт;

Ä Долбоор массалык маалымат каражаттары тарабынан коомчулукка чагылдырылат;

Ä Көрсөтүлгөн тасма боюнча кыскача ой-пикир алмашуу жүргүзүү:

III . ОшМУнун факультеттеринин декандын

тарбиялык иштер боюнча орун басарларынын жана

студенттик акыйкатчылардын милдеттери

Ä Жаны долбоор боюнча студенттерге маалымат берүү;

Ä Каалоочу студенттерди уюштуруу тобу менен байланыштыруу жана __-_____ күнү саат 16:30гө башкы имаратка алып келүү (ОшМУнун акыйкатчы аппараты, 219-каб.).

I V. Долбоордун программасы

1.Алып баруучу көрсөтүлүүчү тасма боюнча багыт берет (3 минут)

2.Кино көрүү (1, 1:30 саат)

3. Тасма тоюнча кыскача ой-пикир (талкуу) (30 минут)

V. Уюштуруу тобунун милдеттери жана укуктары

Ä Жогоружа көрсөтүлгөн жадыбалы боюнча уюштуруу;

Ä Иш-чаранын өтүшү жана жыйынтыгы жөнүндө массалык маалымат каражаттарына жарыялоо;

VI . Долбоордун ө тк ө р ү л үү ч ү жайы жана убактысы:

ОшМУнун Кыргыз кытай факультетинин чоң актылык залында көрсөтүлүп, дайыма туруктуу убакта саат 16:30да башталат.

Эскер түү :

ÄКезектеги сунушталган тасма башталгандан баштап тынчтыкты сактоо;

Ä Тасма башталганча байланыш каражаттардын үнсүз абалга келтирүү;

Ä Өз убагында жободо көрсөтүлгөн дарекке келүү;

Уюштур у у тобу:

ОшМУнун социалдык жана тарбия иштери боюнча проректору,

студенттик акыйкатчы аппараты.

Дареги:

ОшМУнун башкы имараты, 219-кабинет, тел.:0772850498, 0773-03-97-14

ОшМУнун студенттик акыйкатчы

аппараты

1829 17:13 10-05-2018

                 

Новости

|< 1 >|