"Саясаттагы аялдардын образын чагылдыруу" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды
14:47
Буга чейин “Саясаттагы аялдардын образын чагылдыруу” деген теманын алкагында журналистика адистигинин студенттерине сынак жарыяланган эле. Атайын “Демилгелүү ишкер айымдар” (Гульжан Ажиматова (Guljan Ajimatova) коомдук фонду тарабынан уюштурулуп 15 – декабрга чейин жарыяланган макалалар, репортаж, сюжеттер кабыл алынып, жеңүүчүлөр аныкталды. Сынактын жүрүшүндө аталган талаптарга жооп берген, мыкты делген 3 даяр материалдар коммисиялар тарабынан тандалып алынып, диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты. 1- курсунун студенти Нурбек уулу Эртөштүк, 3- курсунун студенти Болот кызы Зыягүл, 4- курсунун студенти Шамшиев Сыймыктар сыйланышты. Башка да конкурска келип түшкөн материалдардын авторлору кызыктыруучу белектер менен сыйланды
765 14:47 25-12-2019