ОшМУнун доценти эл аралык жыйында Кыргызстандагы исламдык каржылоо тууралуу баяндама жасады

Anasayfa Haberler

ОшМУнун доценти эл аралык жыйында Кыргызстандагы исламдык каржылоо тууралуу баяндама жасады

Image

Теология факультетинин доценти Ниязали Арипов  Өзбекстанда өткөнилимий-практикалык конференцияда   Кыргызстандагы исламдык каржылоо боюнча айтып берди. 

Фергана мамлекеттик техникалык университети өткөн илимий жыйында ал “Кыргызстанда айыл чарбасын исламдык принциптердин негизинде каржылоонун өзгөчөлүктөрү» боюнча баяндама жасады. Анда өлкөдөгү исламдык каржылоонун өнүгүү динамикасын, агрардык сектордогу ролун, мурабаха, салам, мудараба сыяктуу негизги ыкмаларынын колдонулушун талдап берди. Мындан тышкары баяндамада тармактагы негизги көйгөйлөр белгиленип, аларды чечүү боюнча илимге негизделген сунуштар айтылды.

Конференция аймактык деңгээлде тажрыйба алмашууга өбөлгө түзүп, исламдык каржылоону өнүктүрүү багытындагы кызматташууну чыңдоого багытталды. 

fotoğraf Galerisi