ОшМУ менен Балыкесир университети биргелешкен программа ачат

Anasayfa Haberler

ОшМУ менен Балыкесир университети биргелешкен программа ачат

Image

24-апрелде ОшМУнун Чыгыш таануу институтуна Түркиянын Балыкесир университетинен үч профессор келип, студенттерге конок лекция өтүштү.

Профессор Мехмет Өзкан «Орто Азиялык түрк географиясындагы ислам маданияты» тууралуу айтып берди. Профессор Мустафа Полат «Чыгыш таануучулук көз карашынан архивдик документтер жана тарыхты жазуу» деген темада баяндама жасады. Ал эми Ахмет Али Чанакчы «Дин билим берүүдөгү педагогикалык ыкмалар: Түркиянын мисалында» деген лекция окуду.

Лекциядан кийин профессорлор студенттердин суроолоруна жооп беришти. Институттун директору Жолдошбек Бөтөнөев конокторго ыраазычылык айтып, сертификат тапшырды. Мындан тышкары түрк профессорлор чыгыш таануу кафедрасынын башчысы Элес Эркебаев менен жолугушту. Алар келерки окуу жылынан тарта биргелешкен билим берүү программаларын ачууну макулдашты.

Коноктор «Түрк тили жана маданияты» борборунун, «Чыгыш кол жазмалары жана мурастары» фондунун иши менен таанышты. Келечекте кызматташтыкты күчөтүү боюнча сунуштарды беришти.

Ушул жылдын март айында Чыгыш таануу институтунун окутуучулары Самаган Мырзаканова, Ыкыбал Маматибраим кызы Балыкесир университетине барып, ал жакта лекция окуп, квалификациясын жогорулатып келишкен.

 

fotoğraf Galerisi