Буниса Абдымомунова биотехнология багыты боюнча квалификациясын жогорулатты

Anasayfa Haberler

Буниса Абдымомунова биотехнология багыты боюнча квалификациясын жогорулатты

Image

Ош мамлекеттик университетинин STEM инновациялык коллежинин профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн окутуучусу Буниса Абдымомунова 16–28-март күндөрү Өзбекстандын Ташкент химиялык технологиялар институтунда квалификациясын жогорулатуу курсунан өтүп келди.

Ал биотехнология, эмгекти коргоо жана жарандык коргонуу, менеджмент багыттары боюнча заманбап илимий ыкмалар жана технологиялар менен таанышып, өзүнүн кесиптик тажрыйбасын кеңейтти. Эки жумалык интенсивдүү окуунун жыйынтыгында окутуучу тиешелүү сертификатка ээ болуп, квалификациясын жогорулаткандыгын тастыктады.

Бул иш сапар окутуучулардын илимий-педагогикалык потенциалын өнүктүрүүгө, STEM багытындагы билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана чет өлкөлүк окуу жайлар менен кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган.

 

fotoğraf Galerisi