Студенттер «көмүртек изи» жана жашыл экономиканы талкуулады

Башкы Жаңылыктар

Студенттер «көмүртек изи» жана жашыл экономиканы талкуулады

Image

Ош мамлекеттик университетинин «Экология жана туруктуу өнүгүү» борборунда «Жашыл жумалык – 2026» иш-чарасы өттү. Бул борбор Европа Биримдигинин ERASMUS+ программасынын GREENKG долбоорунун негизинде ачылган.

Иш-чарада доцент Абдиманнап Абдыкааров «Жашыл университет: экологиялык чакырыктар, туруктуу өнүгүү жана өнөктөштүктүн ролу» деген темада баяндама жасады. Ал учурдагы экологиялык көйгөйлөргө токтолуп, аларды чечүүдө ОшМУ жана GREENKG долбоору эмне иштеп жатканын айтып берди.

Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун студенттери жашыл экономиканын өлкөнүн өнүгүүсүндөгү ролун талкуулашты. Алар экологиялык көйгөйлөрдү кантип азайтууга болорун сүйлөштү. Студенттер төмөнкү темаларда баяндама жасашты:  

 •  Алина Абдикеримова – «Циркулярдык экономика»;  

 •  Мээрим Абдисаматова – «Жашыл экономиканын негиздери»;  

 •  Альбина Төлөшова – «Жашыл айыл чарбасы»;  

 •  Рухшона Кургонбаева – «Жашыл технологиялар»;

 •  Акинай Асанова – «Кыргызстандын жашыл экономикага өтүү мүмкүнчүлүктөрү»;  

 •  Чынгыз Бекташов – «Көмүртек изи».

«Жашыл жумалык – 2026» – эл аралык Жер күнүнө карата Кыргызстандын Жашыл Альянсы, АВЗУР жана башка өнөктөш уюмдар уюштурган демилге. Максаты студенттер менен жаш изилдөөчүлөргө экология, жашыл экономика, климаттык саясат тууралуу билим берүү болууда. Ошондой эле өлкөнүн «жашыл» өнүгүүсүнө салым кошо турган адистерди даярдоо керек.

Иш-чараны зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын доценти Абдиманнап Абдыкааров, окутуучу Шааркан Ташбалтаева даярдап өткөрдү.

 

Фото галерея