ОшМУнун студенти республикалык олимпиадада жеңишке жетти

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун студенти республикалык олимпиадада жеңишке жетти

Image

Республикалык олимпиадада ОшМУнун Эл аралык билим берүү программалары коллежинин 3-курсунун студенти Айжан Бердиева «Негизги чет тили» багыты боюнча экинчи орунду ээледи.

Иш-чара 18-апрелде Бишкектеги И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өттү. 

Орто кесиптик билим берүү мекемелеринин студенттери катышкан сынак университеттин эл аралык байланыштар бөлүмү тарабынан Ала-Тоо өнүктүрүү борбору коомдук фондунун колдоосу менен уюштурулду. Олимпиаданын максаты студенттердин билим деңгээлин көтөрүү, логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, коллеждер арасындагы байланышты чыңдоо болууда.

Котормо адистигинде окуган Айжан Бердиева англис тилинде эркин сүйлөйт. Ал окуудан тышкары өз кесиби боюнча ыктыярчылык долбоорлорго катышып, практикалык тажрыйба топтоп келет.

 

Фото галерея