15-апрелде Ош мамлекеттик университетинин Тарых-юридика институтунда «Кыргызстандагы заманбап коомдогу зомбулук: кыйынчылыктар жана аларды чечүү жолдору» темасында тегерек стол өттү.
Талкуунун жүрүшүндө адистер зомбулукту алдын алуу механизмдери, мындай фактылар катталгандан кийинки укуктук аракеттер тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле кылмыш-жаза укугу жана процесси кафедрасынын улук окутуучусу Жазгүл Жээнбекова, студенттер аялдарга, жашы жете электерге карата зомбулук маселелери боюнча доклад жасашты.
Анда бүгүнкү күндө аялдарга жана балдарга карата зомбулук коомдогу олуттуу көйгөйлөрдүн бири экени белгиленди. Студенттер укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө суроолорду берип, практикалык жоопторду алышты.
Иш-чарага Ош шаардык прокуратурасынын улук прокурору Залкарбек Жолдошев, Ош шаардык сотунун судьясы Азамат Исмаилов, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук кызматынын улук инспектору Венера Олмасова, профессор Акчач Жолдошева, социалдык коргоо кызматынын адиси Элиза Абсадыкова жана юриспруденция адистигинин студенттери катышты.
Тегерек стол Тарых-юридика институтунун кылмыш-жаза укугу жана процесси кафедрасынын профессору, ю.и.д. Аманай Акматова, кылмыш жаза укугу жана процесси кафедрасынын улук окутуучусу Бактыкан Орозбаева, жарандык укук жана процесси кафедрасынын улук окутуучусу, ю.и.к. Кыял Токтомамбетовалар тарабынын уюштурулду.