ОшМУ менен Кытай университетинин кызматташтыгы узартылды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ менен Кытай университетинин кызматташтыгы узартылды

Image

Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) менен Синьцзян педагогикалык университети ортосундагы кызматташуу келишими узартылды. Бул тууралуу Конфуций институтунун башкармалыгынын 13-апрелдеги 8-жыйынында белгилүү болду.

Жыйынга ректор Кудайберди Кожобеков жана Кытай тараптан университеттин партиялык комитетинин төрагасы Цзян Хайцзюнь баштаган делегация катышты. Тараптар кызматташууну мындан ары өнүктүрүү, 2026-жылга карата иш пландар, каржылоо багыттарын талкуулашты. Ошондой эле Конфуций институтунун өткөн жылдагы ишмердүүлүгүнө баа берилип, алдыдагы артыкчылыктуу багыттар аныкталды. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер кытай маданияты боюнча маданий программа тартуулашты.

ОшМУнун алдындагы Конфуций институту 2013-жылы түзүлгөн. Институт  Кыргызстан менен Кытайдын билим берүү жана маданий байланыштарын чыңдоого багытталган. 2016-жылдан тарта анын базасында кыргыз-кытай факультети иштеп келет. Учурда факультетте лингвистика, кытай таануу жана филология багыттары боюнча бакалавриат, магистратура деңгээлдеринде адистер даярдалууда.

 

Фото галерея