ОшМУнун студенти стартап чемпионатта «эң мыкты долбоор» наамын алды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун студенти стартап чемпионатта «эң мыкты долбоор» наамын алды

Image

Alatoo Hub Battle 2026 студенттик стартаптар чемпионаты 8-апрелде Эл аралык «Ала-Тоо» университетинин базасында өттү. Чемпионатка 100дөн ашык долбоор катышып, алардын ичинен эң мыкты 20 команда финалга өттү.

Финалга чыккан командалардын арасында Ош мамлекеттик университетинин Тарых-юридика институтунун студенти Самат Салимбек уулу иштеп чыккан SAMATX стартапы да болду. Долбоор финалда ийгиликтүү корголуп, калыстар тарабынан “Эң мыкты инновациялык долбоор” наамына татыды.

SamatX – бул онлайн иштеген юридикалык кызмат. Ал колдонуучуларга мыйзамдарды жөнөкөй тилде түшүндүрүп, керектүү учурда туура чечим кабыл алууга жардам берет. Долбоор жарандар үчүн татаал көрүнгөн юридикалык маалыматтарды жеткиликтүү кылууну максат кылат.

Катышуучулар чемпионатка даярданууда өз стартап идеяларын иштеп чыгып, максаттуу аудиториясын аныктап, MVP (минималдуу иштей турган продукт) түзүп, атайын тренингдерден өтүшкөн. Финалдык этапта 20 команда беш номинация боюнча күч сынашып, жеңүүчүлөргө 1000 АКШ доллары өлчөмүндө колдоо көрсөтүлдү.

Иш-чара студенттик ишкерчиликти өнүктүрүү, инновациялык идеяларды колдоо жана жаш ишкерлерди инвесторлор менен байланыштырууну максат кылат.

Фото галерея