Ош мамлекеттик университетинин Тарых жана укук институту Москва мамлекеттик юридикалык университети менен онлайн форматта жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу 16-декабрда өтүп, анда эки окуу жайдын ортосунда илимий жана билим берүү багытындагы кызматташтык маселелери талкууланды.
Иш-чарага ОшМУнун илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору Элзарбек Эшаров, институттун жамааты катышты. Тараптар кызматташуунун максаттарын, келечектеги багыттарын жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн карашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюу боюнча макулдашышты. Анын алкагында биргелешкен билим берүү жана илимий-изилдөө программаларын ишке ашыруу, окутуучуларды, административдик кызматкерлерди, аспиранттарды, студенттерди алмашуу, «Чет өлкөдө семестр» сыяктуу кыска мөөнөттүү окуу программаларын өнүктүрүү пландалууда.
Иш-чара буга чейин ОшМУда өткөн Кыргызстан менен Орусия университеттеринин ректорлор форумунда коюлган милдеттерди ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.