5-ноябрда Педагогика, искусство жана журналистика институтунун студенттери салттуу түшүм майрамын өзгөчө шаң менен белгилешти.
Иш-чарада студент кыздар дыйкандар өндүргөн түшүмдөн ар түрдүү даамдарды жасап, кооз дасторкондорду жайышты.
Мындан тышкары “Кана эмесе, кыздар!” аттуу сынак да өткөрүлүп, анда кыздардын кийиниши, ашканадагы чеберчилиги, таланты жана акыл-эстүүлүгү сыяктуу сапаттарга баа берилди. Жыйынтыгында өзгөчөлөнгөн айымдарга “Күз ханышасы — 2025” наамы ыйгарылды.
Саамалык улуттук баалуулуктарды, аялзатынын көркөмдүгүн жана маданиятын даңазалоо, студенттердин достук мамилесин чыңдоо максатында уюштурулду.