Иш-чарага 29-октябрда Ош мамлекеттик университетинин жетекчилиги, профессордук-окутуучулук курам, кесиптештери, бүтүрүүчүлөрү жана студенттери катышты.
Салтанаттуу жыйындын жүрүшүндө коноктор жана катышуучулар маараке ээсинин өмүр жолу, педагогикалык жана илимий ишмердүүлүгү тууралуу даярдалган “Жашоо жана эмгек жолу” аттуу видео презентация менен таанышты. Алар Садык Ысмайыловдун көп жылдык талыкпас эмгегин, жаш муундарга чет тилдерди үйрөтүүдөгү салымын белгилешти. Конок катары Бишкек шаарынан келген Ала-Тоо университетинин профессорлору Махабат Алишова, Алымжан Закиров жана Бишкек инновациялык колледжи мекемесинин директору Кылычбек Эркинбековдор жылуу пикирлерин айтып, куттуктоолорун жолдоду.
Ош мамлекеттик университетинин Кесиптик биргилиги тарабынан ага акчалай сыйлык жана эс алууга жолдомо тапшырылды. Мааракелик салтанат концерттик программа менен коштолду.
Садык Ысмайылов 1955-жылдын 30-октябрында Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Озгур айылында төрөлгөн. Орто билимди Жаш-Тилек орто мектебинен алып, 1981-жылдан тарта өмүрүн билим берүү тармагына арнап келет. Учурда Ош мамлекеттик университетинин Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун чет тилдер бөлүмүндө эмгектенет.