Баткен окуясынын 26 жылдыгына карата Ош мамлекеттик университетинин Финансы-юридикалык колледжинде “Эч ким, эч нерсе, эч качан унутулбайт” аскердик-патриоттук иш-чара өттү.
Саамалыкты колледждин окутуучулары уюштуруп, ал өсүп келе жаткан жаш муунду Ата Мекенди сүйүүгө жана мекенчилдикке тарбиялоо максатын көздөдү. Иш-чарага мугалимдер, студенттер, Афган согушунун ардагерлери, түштүк-батыш оперативдик командачылыгынын өкүлдөрү, аскердик оркестр, атайын багыттагы чалгындоо ротасы жана УКМКга караштуу Чек ара кызматынын кинологдору өздөрүнүн үйрөтүлгөн кызматтык иттери менен катышты.
“Эскерүү иш-чарасы патриоттук сезимде өтүп, Баткен окуясынын баатырларын эскерүүгө жана алардын эрдигин жаштарга жеткирүүгө багытталды”, - дейт уюштуруучулар, запастагы полковник Махмуд Абдибаитов жана подполковник Жуманазар Самидинов.