Көзөмөлчүлүк кеңеш бир катар стратегиялык маселелерди карады

Main News

Көзөмөлчүлүк кеңеш бир катар стратегиялык маселелерди карады

Image

9-апрелде ОшМУнун Көзөмөлчүлүк кеңешин кезектеги жыйыны өтүп, окуу жайдын ишмердүүлүгүнө байланышкан бир нече маанилүү маселе талкууланды.

Жыйында алгач университеттин илимий потенциалын жогорулатуу маселеси көтөрүлдү. Эл аралык илимий базаларда, өзгөчө Scopus платформасында макалалардын санын жана сапатын арттыруу багытында иштерди күчөтүү талкууланды. Бул багытта Ирандын жараны, профессор Рахим Фахир Карим менен келишимдик негизде кызматташуу, эмгек акы төлөө маселеси каралды.

Андан кийин келишимдик негизде окуган студенттердин айрым категорияларына 2025–2026-окуу жылына карата окуу төлөмдөрү боюнча жеңилдик берүү сунушу талкууга алынды. Ошондой эле университеттин башкаруу түзүмүн оптималдаштырып, академиялык багыттагы айрым бөлүмдөрдү кайра уюштуруу боюнча маселелер каралды. Мындан тышкары 2026–2027-окуу жылына карата билим берүү тармагындагы айрым акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдү карап чыгуу маселеси да жыйындын күн тартибинде болду.

Жыйындын соңунда каралган бардык маселелер боюнча сунуштар айтылып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

 

Photogallery