ОшМУ менен Жогорку технологиялар паркы кызматташат

Main News

ОшМУ менен Жогорку технологиялар паркы кызматташат

Image

Ош мамлекеттик университети менен Жогорку технологиялар паркынын ортосунда 3-апрелде кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Иш-чаранын алкагында парктын директору Азис Абакиров жана EPAM компаниясынын директору Алмаз Чаначев баштаган IT тармагынын өкүлдөрү окуу жайга келишти. Конокторду университеттин окуу иштери боюнча проректору Уларбек Молдояров кабыл алып, тараптар кызматташуунун келечеги тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Жолугушууга тиешелүү институттун жетекчилери, кафедра башчылары жана окутуучулар катышты. Жыйынтыгында тараптар студенттер үчүн окуу жана өндүрүштүк практикаларды уюштуруу, тажрыйба алмашуу программаларын ишке ашыруу, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү, IT долбоорлорду өнүктүрүү боюнча макулдашышты.

Кызматташтык билим берүү менен IT индустриясынын байланышын чыңдап, жаш адистер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.

 

Photogallery