Түштүктө алгачкы боор алмаштыруу операциясы ОшМУда ийгиликтүү жасалды

Main News

Түштүктө алгачкы боор алмаштыруу операциясы ОшМУда ийгиликтүү жасалды

Image

Кыргызстандын түштүк аймагында биринчи жолу боор алмаштыруу операциясы Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) Медициналык клиникасында жасалды. 

Бейтап элүү жаштагы Бурулкан Курбаналиева. Ал сегиз жылдан бери боор оорусу менен күрөшүп келген. Курбаналиевага өзүнүн 25 жаштагы уулу донор болду. Азыр экөө тең дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалдары туруктуу.

Операция акысыз болду. Аны окуу жайдын тажрыйбалуу дарыгери Бексултан Сейтбек уулу Орусиядан чакыртылган адистер менен биргеликте жасады. Операция президент Садыр Жапаровдун Кыргызстанда орган алмаштыруу тармагын өнүктүрүү боюнча берген тапшырмасынын негизинде жана Саламаттык сактоо министринин колдоосу менен жүргүзүлдү.

Ийгиликтүү операциядан кийин саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов 19-декабрда бейтаптан кабар алып келди. Министр мындай оор операциялардын түштүк аймагында жасалышы кыргыз медицинасы үчүн маанилүү экенин белгилеп, мүмкүнчүлүктөр дагы да кеңейерине токтолду. Иш сапардын алкагында ал окуу жайдын Ак-Буура кампусунда жайгашкан Медициналык клиникасы, Эл аралык медицина, Медицина факультетинин окуу-лабораториялык корпустары менен жеринде таанышып, окутуучулар, студенттер менен жолугушту. 

Медициналык клиникада боор алмаштыруу операциясын өткөрүүгө керектүү бардык шарттар түзүлгөн. Операциялык обочо заманбап шаймандар менен жабдылган. Бейтаптын абалын көзөмөлдөгөн мониторлор, жасалма дем алдыруучу аппараттар жана операциядан кийин толук көзөмөл жүргүзүлө турган реанимация бөлүмү иштеп жатат.

Клиникада буга чейин бөйрөк алмаштыруу, жүрөккө стент коюу, тубаса кемтикти жабуу сыяктуу хирургия бөлүмүндө 110 операция жасалган. Анын ичинде 20 жүрөк-тамыр тигүү операциясы жасалды. 82 бейтап эндоваскулярдык метод менен операция болду. 6 000ге чукул бейтап амбулатордук жардам алган. 





 

Photogallery