Окурмандын укуктары
Университеттин профессордук-окутуучу курамы, аспиранттар, магистранттар, докторанттар, студенттер, кызматкерлер, дистанттык жана даярдоо бөлүмдөрүнүн угуучулары, лицейлердин окуучулары илимий китепканадан пайдаланууга.;
Илимий изденүүчүлөр, убактылуу кызматкерлер, башка ЖОЖдордун студенттери китепкананын жетекчисинин уруксаты менен өздүгүн тастыктаган паспорттун негизинде окуу залдардан гана пайдаланууга.;
Университеттин абитуренттери паспорт менен окуу залдардан пайдаланууга.;
Бардык факультеттердин окурмандары университеттин окуу залдарынан пайдаланууга.;
Окурмандар китепти убактылуу пайдаланууга, китепканалык фонддон керектүү чыгармаларды, басылмаларды, материалдарды алууга, библиографиялык – маалымат алууга жана башка тейлөөнүн формаларын пайдаланууга укуктуу.;