«БЕКИТЕМИН»
ОшМУнун ректору
, профессор
К.А.Исаков
____________________
«8» февраль, 2016
-ж.
2016-жыл Кыргыз Республикасында Тарых жана маданият жылына карата
“ОшМУдан оогандык кыргыздарга жардам” аттуу кайрымдуулук күнүн уюштуруу жөнүндө
1. Иш-чаранын максаты
- Студенттерге Ооган кыргыздарынын тарыхы, географиясы, жашоо-шарттары жөнүндө маалымат берүү;
- Студенттерди мекенчилдикке, гуманизмге тарбиялоо жана Ооган кыргыздарына болгон бир туугандык аео, боорукердик сезимдерин ойготуу;
- ОшМУнун жамаатын Ооган кыргыздарына кайдыгер карабоого, аларга достук колун сунуп, колдон келген көмөгүн берүүгө, кайрымдуу болууга үндөө;
- Ооган кыргыздарына ОшМУдан гуманитардык экспедиция жөнөтүү.
2. Иш-чараны уюштуруу
Иш-чараны уюштуруунун 1-күнү
- 2016-жылдын 10-февраль күнү ОшМУнун факультет, институт, коллеж, лицейлеринде ар бир студенттик тайпада кураторлор тарабынан Ооган кыргыздарынын тарыхы, географиясы, жашоо-шарттары жөнүндө маалымат берүү жана кайрымдуулук акциясына салым кошууну макулдашуу;
Иш-чараны уюштуруунун 2-күнү
-2016-жылдын 11-февраль күнү саат 14:00дөн 17:00гө чейин ОшМУнун башкы имаратынын алдында “ОшМУдан оогандык кыргыздарга жардам” аттуу кайрымдуулук марафону өткөрүлүп, ага университетибиздин бардык структуралары: ректорат, деканат, директорат, кафедралар, студенттик тайпалар ж.б. өз салымдарын эл алдында урналарга салышат;
- Акция учурунда ОшМУнун таланттарынын концерттик программасын коюу;
- ОшМУнун «Чет элдик кыргыздарды изилдөө борборунун» Ооган кыргыздары жөнүндөгү көргөзмөсүн уюштуруу;
- Акцияны массалык-маалымат каражаттарында чагылдыруу:
- Кайрымдуулук иш-чарасында түшкөн каражаттарды кабыл алуу – эсептөө комиссиясын түзүү (профсоюз уюму ж.б.);
- Байланыш телефону: 2-25-26, 0773 936-222, 0551 88-51-61
ОшМУнун тарбия
департаментинин директору: Божонов З.С.