Терапиялык дисциплиналар циклынын тарыхы
Терапиялык дисциплиналар ПЦК нын тарыхы. Окумуштуулар кеңешинин 2005-жылдагы №165 буйругу менен медициналык колледждин «Терапиялык дисциплиналар» цикли негизделген. 2005-жылдан 2006-жылдын сентябрына чейин бул циклди С. Акчупаев жетектеп, 2006-жылдын сентябрынан баштап Г.Т Жолдубаева жетектеген. 2009-жылы «Терапиялык дисциплиналар» кафедрасы деп өзгөрүлүп, аны Г.Т.Жалалова жетектеген. 2011-жылдын 1-октябрында ОшМУнун окумуштуулар кеңешинин №497 буйругу менен «Ички оорулар» жана “ Терапиялык дисциплиналар” деп эки кафедра түзүлгөн. 2013-жылдын 20-сентябрындагы №384 буйругу менен ОшМУнун окумуштуулар кеңешинде жогоруда аталган эки кафедраны бириктирүү менен «Терапиялык жана педиатрияриялык дисциплиналар» кафедрасы түзүлүп, аны улук окутуучу А.И. Арзиева жетектеген. Окумуштуулар кеңешинин No416 буйругу менен 2014-жылдын 15-сентябрда эки кафедрага бөлүнүшүнө байланыштуу кайрадан «Терапиялык дисциплиналар» кафедрасы деп аталган. Кафедрада 27 окутуучу жана 1 лаборант эмгектенген. Алардын ичинен 1 медицина илимдеринин кандидаты, 4 улук окутуучу, 2 изденүүчү, 3 аспирант жана жогорку квалификациялуу врачтар эмгектенген. 2016-жылдан баштап кафедраны А.Бакасов, 2017-жылдын 27-декабрынан баштап Г.Т. Жалалова жетектеген. 2022-жылдан баштап 19.09.2022 ж №3777-ФХД/22 буйруктун негизинде Терапиялык дисциплиналар” предметтик циклдик түрмөктү Мамытова Гуля Асылбековна жетектеп келет. 2022-2023 окуу жылында 23 окутуучу, алардын ичинен 5 окутуучу айкалыштыруу менен эмгектенген. Учурда «Терапиялык дисциплиналар» ПЦТ тө 21 окутуучу эмгектенет, анын ичинен 1 илимдин кандидаты, 1 магистр, 1 изденүүчү,18 жогорку квалификациялуу врачтар окутуучу болуп эмгектенет. «Физиотерапиялык дарылоо, дене тарбия жана укалоо» каанасында 1 лаборант эмгектенет.