Жаңылыктар Архив

Окууга кирүүчүлөргө

Студент досторго ак тилек

Сиздер үчүн ак мектептин акыркы коңгуроосу кагылса, мындан ары чыныгы турмуштун коңгуроосу кагыла баштады. Аруу тилек, изги үмүт, бийик кыялдар менен келечектин даңгыр жолуна кадам таштап, Кыргызстандын келечегине реалдуу салым кошкону бел байладыңыздар!

Турмуш жолунда чырак болчу, Мекенибизди өргө тарчу, өзүңүздөр сүйгөн кесипти тандоо алдында турасыздар! Сиздердин кесипти туура тандооңуз – мыкты адис болууну шарттайт! Ар бириңиздердин кыялыңыздар орундалсын!

Эртеңки муунга билим азыгын, тарбия маңызын берген мыкты педагог болууну кааласаңыз, түпкүрдөгү талантты эл алдына алып чыгып, кыргыз искусствосунун жылдызы болом десеңиз, рынок шартына шай келген экономист, финансист, бизнесмен болгуңуз келсе, дүйнө эшигин ачып, адамзаттын маданиятын билип, алардын тилинде түш жорууну кааласаңыз, табияттын сырын чечкен адис болууну ниеттенсеңиз, азыркы күндүн талабы болгон IT технологиялардын ааламына кирүүгө ышкыңыз болсо анда Ош мамлекеттик университети, сиз үчүн эшигин ачат! Ош мамлекеттик университети ар бир бүтүрүүчүнүн кесипкөй адис болуусуна, шык-жөндөмүнүн, чыгармачылыгын өнүгүүсүнө, ден соолугуна, маданий жана руханий көрөңгөсүнүнүн баюусуна ар тараптан кам көрөт.

Биз салттуу билим берүүнү айкалыштырып, дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине чыктык. ОшМУга кабыл алынган ар бир студент окутуунун натыйжасын так билип, окуу мезгилинде окуган предметин жана окутуучуларды тандоо укугуна ээ.

Куттуу окуу жайыбызга тапшырып, илим-билим чөйрөсүнө аралашып, жаңыча көз карашты калыптандырып, өзүңөрдү ар тараптан өнүктүрүп, жашоонун жаңы барагын мыкты достор, дилбилги окутуучулар жана дилгир чөйрө менен толукташыңарга тилектешмин. Жаштыктын деми менен көкүрөккө батпаган идеяларды достуктун үлгүсүндө жайылтып, күн сайын изденүүнүн үстүндө жүрүп, күргүштөп аккан убакытка татыктуу жооп берип, ийгилик формуласын жаратасыңар деп үмүттөнөм!

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков