Илимий-чыгармачылык иштери

2018- жылдын 4-ноябрында залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата университетибизде эл аралык илимий конференция болуп өттү.

2018-жылдын 4-ноябрында залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата университетибизде эл аралык илимий конференция уюштурулду. Конференцияда Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча Өзбекстан, Казакстан элдеринен келген илимпоз-окумуштуулардын жана элибиздин Султан Раев, Лайли Үкүева баштаган белгилүү драматург-жазуучуларынын баяндамалары окулуп, студенттер тарабынан театралдаштырылган кыскача сценарийлер коюлду. Мындан сырткары факультетибиздин окутуучулары жана таланттуу студенттери тарабынан жазуучунун чыгармалары боюнча жаралган көргөзмө уюштурулду. Конференцияга кафедрабыздан Н.Кутубаева, К.Каримова, Г.Дуйшонбаева, А.Нурбаев, Абдикарим уулу Мэламан эжеке-агайларыбыз катышып келишти. Конференция жогорку деңгээлде болуп өттү.


19-апрель күнү искусство факультетинин концерттик залында “Элдик музыкалык аспаптарда аткаруу жана ырдоо” кафедрасы тарабынан чоң программадагы отчеттук концерт болуп өттү.

19-апрель күнү искусство факультетинин концерттик залында “Элдик музыкалык аспаптарда аткаруу жана ырдоо” кафедрасы тарабынан чоң программадагы отчеттук концерт уюштурулду. Концертке кафедранын окутуучулар жамааты студенттер менен биргеликте жагымдуу маанай тартуулашты. Концерке келген коноктор ОшМУнун тарбия иштери боюнча проректору Т.Колдошев, окумуштуу катчы М.Байсубанов жана илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы Г.Анарбаевалар өз ыраазычылыктарын билдирип кайтышты. Концерт жогорку деңгээлде болуп өттү.

2018-жылдын 16-26-апрель күндөрү белгилүү, залкар жазуучубуз “Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына жана аймактарды өнүктүрүү жылына” карата искусство факультетинде “Илим жана искусство” жумалыгы уюштурулду.

16-26-апрель күндөрү “Элдик музыкалык аспаптарда аткаруу жана ырдоо” кафедрасынын улук окутуучусу, илимий иштер боюнча декандын орун басары А.Нурбаева тарабынан “Илим жана искусство” жумалыгы уюштурулду.

16-апрель күнү белгилүү, залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекесине карата “Чынгыз Айтматов-кылым адамы” аттуу темада факультеттин концерттик залында жазуучунун чыгармалары боюнча илимий баяндамалар окулуп, “Биринчи мугалим”, “Ак кеме” повесттери боюнча студенттердин аткаруусунда музыкалык- театралдаштырылган постановкалар коюлду.

Стейкхолдерлер менен тегерек столдогу дил маек

21-май куну искусство факультетинде стейкхолдерлер менен тегерек стол иш чарасы откорулду. Бул иш чарада ош областы боюнча, райондордон 17 мектеп директорлору жана музыка мугалимдери катышышты. Негизи бул иш чарада музыка мугалиминин компетентуулугун калыптандыруудагы жетишкен жана жетишпеген койгой маселелер боюнча тегерек столдо талкууланып стейкхолдерлер интервьюга жана анкетага жооп беришти. Бул иш чараны "Музыкалык тарбиялоо усулу, теориясы жана хор дирижерлоо" "Элдик музыкалык аспаптарда аткаруу жана ырдоо" кафедралары уюштурушту.

Университеттин “Көп тилдүүлүк” жана аккредитация боюнча программаларына ылайык январь айынын 11инен 26сына чейин орус тили боюнча 72 сааттык курска кафедранын лаборанты Г.Дуйшонбаева катышып келди.










Ал эми 18-январдан 27-январга чейин аккредитация боюнча болуп өткөн семинарга кафедранын жаш окутуучулары Н.Кутубаева, К.Каримова жана А.Нурбаевдер катышышты.












Искусство факультетинин концерттик залында “Элдик музыкалык аспаптарда аткаруу жана ырдоо” кафедрасы “Музыкалык тарбиялоонун теориясы, усулу жана хорду дирижерлөө” кафедрасы менен биргеликте 18-январь күнү семинар өткөрүштү

2018-жылдын 18-январь күнү факультетибиздин концерттик залында январь айында өткөрүлүүчү иш-пландын негизинде “Мектепте эмгектенип жаткан музыка мугалимдеринин адистик даярдыгы жана билим берүү натыйжалары” аттуу темада семинар болуп өттү. Семинарга университеттин окуу иштери боюнча проректору Расул Абазбек уулу, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлү Т.Досмуратов, Ош МУнун ПББӨБнун директору А.Батыралиев, Ош шаарындагы музыка мугалимдеринин методисти, “Келечек” балдар чыгармачылык борборунун музыка мугалими Ч.Мурзакулова, Ош шаарындагы мектептерде жана бала бакчаларда иштеген музыка мугалимдери, искусство факультетинин бүтүрүүчүлөрү ж.б. меймандар келишти. Мындан сырткары факультетибиздин деканы, т.и.к., доцент Н.Маразыков, “Музыкалык тарбиялоонун теориясы, усулу жана хорду дирижерлөө” каферасынын башчысы А.Боронбаев, “Элдик музыкалык аспаптарда аткаруу жана ырдоо” кафедрасынын башчысы Ж.Мойдунов жана кафедранын окутуучулар жамааты катышышты. Семинарда бир катар маселелер талкууланып, натыйжада мындан ары бала бакчада, мектепте эмгектенген музыка мугалимдери факультеттин окутуучулары менен тыгыз байланышта болуп, көптөгөн иш-чараларды биргеликте факультетте өткөрүүнү пландашты.

































Окутуучулардын окуу-усулдук багыттагы

китептери жана макалалары

2017-жылы кафедранын улук окутуучусу Р.Ормоновдун төмөнкүдөй макалалары ОшМУнун жарчысына жарык көрдү:

1. “Өткөн кылымдын чыгармачылыгынын соңку маданиятка өтүүчүлүгү” ОшМУнун Жарчысы, Ош

шаары, 2017-ж.

2. “Кыргыз маданиятындагы хордо ырдоо маданиятынын калыптанышы жана таасирлери” ОшМУнун

Жарчысы, Ош шаары, 2017-ж.

Доцент А.Кожомжаровдун кыргыз композиторлорунун ария, романс жана элдик ырларынан жыйнап, төмөнкү китептерин басмадан чыгарган:

1. “Кыргыз жери” Ош шаары, 2010-ж.

2. “Ак тилек” Бишкек шаары, 2017-ж.








Доцент Э.Талипов аккордеон сабагы боюнча бир катар окуу-усулдук китептерин жарыкка чыгарган:

1. “Токтобочу жашоомдун ыргактары” Ош шаары, 2007-ж.
2. “Айлуу түн болоор сырдашым”Ош шаары, 2007-ж.
3. “100 этюд” Ош шаары, 2008-ж.
4. “Ыр дайрасы Чангет-Сай” Ош шаары, 2009-ж.
5. “Жуңго кыргыздарынын элдик обондору” Ош шаары, 2009-ж.
6. “Обондуу ырлар” Ош шаары, 2014-ж.