Жаңылыктар Архив

Матисаков Түгөлбай Кубатбаевич

Матисаков Туголбай Кубатбаевич
Ош шаары, Гостелло көчөсү 1а-үй, 5-батир
уюл.тел.: +(996)772 67 20 69, +(996)0555 42 49 43
e-mail: tmatisakov@oshsu.kg, tugolbai_83@mail.ru
1. Кызматы: Ош мамлекеттик университети, физика-техника факультетинин “Энергетика” кафедрасынын башчысы, техника-илимдеринин кандидаты доцент.
2. Улуту: Кыргыз.
3. Туулган жылы: 01.01.1983 ж., Көңдүк айылы, Кара-Кулжа району, Ош облусу.
4. Үй-бүлөөлүк абалы: Үй-бүлөөлү, эки уул, бир кыздын атасы.
5. Билими: Жогорку, квалификациясы – “Физика-мугалими”, адистиги – “Физика”, бүткөн жылы 2007-жыл Ош мамлекеттик университети.
6. Эмгек ишмердүүлүгү: - 2019-жылдан баштап – ОшМУнун физика-техника факультетинин “Энергетика ” кафедрасынын башчысы; - 2016-2019-жж. – илимий иштер, магистратура жана тышкы байланыш боюнча декандын орун басары, физика-техника факультети, ОшМУ;
- сентябрь 2013-2017 жж. – улук окутуучу, физика-техника факультети, ОшМУ;
- декабрь 1998-жыл – ОшТУнун “Физика” кафедрасынын сырттан окуу бөлүмүнүн аспиранты;
- сентябрь 2007-2013 жж. – окутуучу, физика-техника факультети, ОшМУ;
- сентябрь 2006-2007 жж. - ОшМУнун алдындагы №18-гимназиянын информатика мугалими.
7. Жалпы эмгек стажы – 17 жыл: - жогорку окуу жайындагы педагогикалык стажы 17жыл.
8. Илимий ишмердүүлүгү: 40 тан ашык илимий жана окуу эмгектин, анын ичинде 8 патенттин, 30 дан ашуун илимий макаланын, 2 окуу-методикалык эмгектин автору. Ал КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан каржыланган бир нече гранттык долбоорлордун катышуучусу. 2013-жылы 05.14.08 – “Кайрадан жаралуучу энергия булактарынын негизинде иштөөчү энергетика түзүлүштөрү” адистиги боюнча “Суу ысытуучу күн түзүлмөлөрүн иштеп чыгуу жана математикалык моделдештирүүнүн негизинде алардын эффективдүүлүгүн өркүндөтүү” – деген темада диссертациясын ийгиликтүү коргогон.
9. Илимий усулдук иштери: 30 дан ашык илимий макаланын, 2 усулдук окуу колдонмолору жарык көргөн жана 10 дон ашык окуу методикалык комплекстердин топтомдорун иштеп чыккан.
10. Сыйлыктары:
1. 2013-жылдын 26-октябрындагы «2013-жылдын жыйынтыгы боюнча илимий-изилдөө ишиндеги эң жакшы натыйжалар жана илимий-изилдөө иштерин уюштурууда жетишкен олуттуу натыйжалары үчүн» ОшМУнун ректоратынын 1-даражадагы диплому.
2. Физика-техникалык факультетинин 2014-жылдын 17-мартындагы “Илимге кошкон зор салымы үчүн” Ардак грамотасы.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын 2015-жылдын 27-февралындагы “Кыргызстандын жаш окумуштууларынын арасында ойлоп табуучулук жаатындагы жетишкендиги үчүн” Ардак грамотасы жана стипендиясы.
4. «Университетте студенттерди тарбиялоодогу көп жылдык эмгеги үчүн» ОшМУнун Ардак грамотасы, 26.09.2017-ж No933 буйругу.
5. «Университетте студенттерди тарбиялоодогу көп жылдык эмгеги үчүн» ОшМУнун профсоюз комитетинин Ардак грамотасы, Ош 2020.
6. Суу ресурстары жана айлана-чөйрө боюнча USAIDдин аймактык долбоорунун алкагында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жаш окумуштуулары арасындагы гранттык сынактын жеңүүчүсү жана стипендиаты (06.10.2022).
7. «Көп жылдык үзүрлүү эмгеги, ийгиликтери, келечектин жаш муундарын окутуп тарбиялоодогу жетишкендиктери жана билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн» КРнын билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы, 21.12.2022-ж №41/4 буйругу.