Материалдык база

Кафедранын материалдык – техникалык базасы.

Физика адистигинин мамлекеттик стандартына ылайык кафедрада лекция демонстрацияларды даярдоочу бир препаратордук бөлмө, 5 окуу лабораториясы иштейт. Окуу лабораториялары жана кабинеттери керектүү физикалык приборлор жана курулмалар, окутуунун техникалык каражаттары (компьютерлер, лазердик принтер, принтер-сканер-ксерокс аппараты, электрондук окуу каражаттары ж.б.) жетишээрлик деңгээлде камсыз болгон, жыл сайын алар окуу процессинде сарпталуучу материалдар, окутуучу программалар, видео материалдар менен толукталып турат. Компьютерлер ОшМУнун интернет тармактарына туташтырылган, окутуучулар интернет тармагынан акысыз пайдаланышат. Бардык компьютерлер локалдык тармакка биригип, университеттин интернет борбору аркылуу дүйнөлүк Интернет тармагына чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

ОшМУда кафедралар, факультеттер жана башка структуралык бөлүмдөр менен байланыш (документтердин файлдарын, кабарларды, ж.б. маалыматтарды жөнөтүү жана кабыл алуу) FTP сервери жана ички Интернет тармагы аркылуу CommFort программасы менен жүргүзүлүүдө (Сервердин дареги: 192.168.1.21, порт 9730).

Препаратордук бөлмө

(№200-аудитория, аянты 39 м2, эки бөлмөдөн турат)

Препаратордук бөлмөдө университеттин жалпы физика курсунун программасы боюнча лекциялык демонстрацияларды көрсөтүүгө мүмкүндүк берүүчү приборлор жана көрсөтмө куралдар жыйналган. Демонстрациялар окутуучулардын алдын ала беришкен буюртмалары боюнча даярдалат жана өз убагында лекция, практика жана лабораториялык сабактарды коштоп, сабактын сапаттуу өтүшүнө өбөлгө түзөт. Интернет тармагына туташтырылган 2 компьютер, 1 принтер менен камсыздалган

Физиканы окутуунун усулу, мектептик физикалык эксперимент лабораториясы

(№204-аудитория, аянты 46 м2)

Физика мугалимдерине кесиптик квалификациясын жогорулатууга жардам берет. Лабораториянын жабдылышы мектептин физика курсу боюнча демонстрацияларды көрсөтүүгө жана лабораториялык иштерди коюуга ылайыкташкан. Студенттер лабораторияда физикадан сабак өтүүгө, өз алдынча физикалык демонстрацияларды коюуга жана лабораториялык сабактарды өтүүгө көнүгүшөт. Интернет тармагына туташтырылган 2 компьютер менен камсыздалган.

Электромагнетизм лабораториясы

(№207-аудитория, аянты 46 м2)

Лаборатория Бишкек политехникалык университетинин конструктордук бюросунда жасалган блокторго жайгаштырылган типтүү курулмалар менен жабдылган. Буларга кошумча лабораторияда ГЗ-123 тибиндеги 7 төмөнкү жыштыктагы генератор, С1-99 жана С1-83 маркадагы 10 универсалдуу 2 нурдуу осциллограф бар. Иштердин баяндамалары окуу колдонмосунда берилген. Интернет тармагына туташтырылган 2 компьютер менен камсыздалган.

Механика жана молекулалык физика лабораториясы

(№229-аудитория, аянты 46 м2)

Электрондук доска орнотулуп, физикалык тажрыйбаларды жүргүзүү, алынган маалыматтарды пайдаланып тыянак чыгаруу, каталыктарды эсептөө, өлчөгүч куралдарды тандоо жана пайдалануу боюнча алгачкы кадамдар жасалат. Механика боюнча лабораториясы: лабораториялык иштердин Польшада даярдалган курулмалары менен жабдылган. Молекулалык физикадан лабораториялык иштердин курулмаларын негизинен кафедранын окутуучулары жана кызматчылары түзүшкөн. Бардык лабораториялык жумуштардын баяндамалары окуу колдонмосу көрүнүшүндө басмадан чыккан. Лаборатория электрондук доска, проектр жана интернет тармагына туташтырылган компьютерлер менен камсыздалган. Анда физика курсу боюнча компьютердик эксперименттерди жүргүзүүгө болот.

Жалпы физика жана компьютердик технологиялар лабораториясы

(№234-аудитория)

Математика, информатика, колдонмо математика жана информатика, ЭТАСПЖ, ИСжТ адистиктери үчүн жалпы физикадан лабораториялык практикумдарды өткөрүү үчүн ылайыкташтырылган лаборатория. Мында окуу планына ылайык физиканын бардык бөлүмдөрү боюнча лабораториялык иштер коюлуп, иштердин баяндамалары орус жана кыргыз тилинде даярдалган. Электро-радио өлчөөлөр техникасы, импульстук жана сандык техника, электрондук-эсептөө техникасынын физикалык негиздери, окутуунун компьютердик технологиялары боюнча лабораториялык иштерди камтыйт.

Оптика, атомдук ядронун жана элементардык бөлүкчөлөрдүн физикасы лабораториясында

(№235-аудитория, аянты 54м2)

Геометриялык жана толкундук оптиканын, кванттык физиканын маселелерин, оптикалык куралдардын иштөө принциптерин окуп үйрөнүүгө арналган лабораториялык иштер коюлган. Анда жарык кубулуштары, элементардык бөлүкчөлөрдүн касиеттери, алардын негизги мүнөздөмөлөрү (заряды, массасы) жана космос нурлары, алардын курамы окуп-үйрөнүлөт. Лаборатория интернет тармагына туташтырылган 1 компьютер менен камсыздалган.