Кафедра жөнүндө

Кафедра жөнүндө маалымат

Немис тил кафедрасы 1966-жылдын 1-сентябрында негизделген. Кафедра 2009-2014-ж роман-герман филологиясы кафедраларынын курамында болгон. Өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу 2014-жылдын 9-июнундагы ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин №286 буйругунун негизинде «Немис тили» кафедрасы болуп кайрадан түзүлгөн. Кафедраны К.С.Назаров, доцент А.Р.Рахманов, филология илимдеринин кандидаты, доцент А.Р.Мырзакулов, улук окутуучу Б.Д.Аскарова, п.и.к. Р.Т.Улуков, ф.и.к, доцент Т.Б.Кабылов жетектешкен.

Кафедранын профессордук-окутуучулар курамын учурда 1 филология илиминин кандидаты, 1 политология илиминин кандидаты, 3 ага окутуучу жана 16 окутуучу түзөт. Азыркы учурда кафедра башчылык кызматты филология илимдеринин кандидаты, доцент Кайкыбашева Айзада Келдибаевна аткарууда

Кафедранын негизги максаты:

кафедралык дисциплиналар боюнча окуу-усулдук жана илимий-изилдөөчүлүк иштерди тиешелүү деңгээлде уюштуруу;

студенттерге тарбия берүү иштерин жакшыртуу жана алардын жөндөмдүүлүктөрүн кеңейтүү;

илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу;

студенттердин илимий-практикалык ишмердүүлүктөрүн уюштуруу;

жогорку деңгээлдеги адистерге талап кылынуучу кесиптик билим берүүнү камсыз кылуу;

студенттердин тандоосун бекемдөө жана алардын инсандык-интеллектуалдык, нравалык таламдарын канаатандыруу;

кафедранын профилдик илимий-изилдөө иштерин жакшыртуу ж.б.

КАФЕДРАНЫН МИССИЯСЫ

Улуттук жогорку мектеп салттарынын негизинде, илим жана жогорку билим берүү чөйрөсүндө заманбап технологияларды колдонуу менен, атаандаштыкка жооп бере алган жогорку квалификациялуу, компетенттүү, кесипкөй адистерди даярдоо.

УЧУРДАГЫ НЕГИЗГИ ИШМЕРДҮҮЛҮК БАГЫТТАРЫ (ОКУУ, ИЛИМИЙ, ОКУУ-УСУЛДУК ЖАНА КООМДУК МАДАНИЙ ЖУМУШТАРЫ)

Кафедра өзүнүн иш- аракетин жана окуу процессин мамлекеттик стардарттын негизинде алып барат. 2017-2022-окуу жылдары үчүн предметтер боюнча окуу пландары түзүлгөн жана ал ОшМУ нун Окумуштуулар Кеңешинин жыйынында бекитилген.

Кафедранын негизги иш аракети студенттердин окуу -тарбиялык жана илимий –методикалык иштерин көзөмөлдөө. Кафедра мүчөлөрүнүн алдында төмөнкүдөй максаттар турат:

-окуу-методикалык иштерди жакшыртуу аркылуу студенттерди тил билүүсүн өстүрүү;

-студенттерге немис тилин окутууда прогрессивдүү колдонмолорду жана эффективдүү методдорду колдонуу менен окутуу;

-компетенттүүлүк мамиле менен немис тилин үйрөтүүнүн сапатын камсыздоо жана интеллектуалдык потенциалы жогорку немис тилдүү профессионалдык кадрларды даярдоо;

-ДААД программасы, Гете Институту жана Кыргызстандагы Германиянын өкүлчүлүгү менен кызматташтыкты өркүндөтүү

Кафедра мүчөлөрү төмөнкү предметтер боюнча лекция окушат жана семинар сабактарды өтүшөт – немис тилинин практ.курсу, практикалык фонетика, практ.грамматика,стилистика, лексикология, үйрөнүп жаткан тилдин тарыхы, адабияты ж.б. жана квалификациялык иштерди жетектешет. Мындан сырткары кафедра мүчөлөрү төмөнкүдөй тартиптеги негизги ишмердүүлүк багыттарда иш алып барышат:

ОКУУ ИШТЕРИ

Окуу жылына карата предметтер боюнча силлабустарды, жумушчу программаларды түзүү;

► Предметтер боюнча түзүлгөн ОМКларды анализдөө жана толуктоо;

► Ачык сабактарды график боюнча өтүү;

► Профессордук-окутуучулардын ачык сабактарына катышуу жана өтүлгөн сабак боюнча тыянак чыгаруу;

► Профессордук-окутуучулардын лекциялык жана практикалык сабактарынын иштелмелерин талкуулоо жана окутууга сунуштоо;

► Студенттердин өз алдынча иштерин уюштуруу жана көзөмөлдөө;

► Предметтер боюнча экзамендик билеттердин, тесттик материалдардын даярдыгын анализдөө;

► Ички, сырткы мобилдүүлүктү жандандыруу багытында иш алып баруу.

ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИ

Квалификациялык жана магистердик иштердин темаларын иштеп чыгуу;

► Изилдөө темаларга байланыштуу илимий макалаларды жазуу;

► Эл аралык, республикалык, регионалдык масштабда өткөрүлүп туруучу конференцияларга катышуу.

ОКУУ-УСУЛДУК ИШТЕР

Дидактикалык, көрсөтмө, таркатма материалдарды даярдоо;

► Илимий-усулдук семинарларды өткөрүү жана жыйынтыгын чыгаруу;

►Факультеттин жана университеттин масштабында өткөрүлгөн усулдук семинарларга катышуу;

► Окутуунун жаңы технологияларын пайдалануу менен сабак өтүүнү жакшыртуу;

► Ачык сабактардын иштелмелерин талкуулоо жана сабак өтүүгө сунуштоо;

► Бакалавриат, магистранттар үчүн окуу-методикалык колдонмолорду даярдоо;

► Баалоо каражаттардын фондун иштеп чыгуу жана кафедрада талкуулоо;

► Квалификацияны жогорулатуучу курстардан өтүү;

► Ар кандай деңгээлдеги методикалык семинарларга, конференцияларга катышу

СТРУКТУРАНЫН НЕГИЗГИ ПАРТНЁРЛОРУ (ЖУМУШ БЕРҮҮЧҮЛӨР, ИЛИМИЙ-ӨНДҮРҮШТҮК ЖАНА ПРАКТИКАЛЫК БАЗА Ж.Б. )

-ОшМУнун «Билим» лицейи,

-мамлекеттик жана менчик мектептер,

-Тил үйрөтүү борборлору

Германиян

ын Кыргызстандагы элчилиги

Гете-Институту жана ДААД

ЭЛ АРАЛЫК БАЙЛАНЫШТАР, АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮКТӨР

2017-2018 окуу жылы – улук окут. Пахирова Д.И. Гёте Институту тарабынан Германияда квалификациясын жогорулатып келди;

-- 2018-2019- жылдары – к.ф.н., доцент Кайкыбашева А.К. Ганыбаева С.Р. Гёте Институту тарабынан Германия квалификацияларын жогорулатып келишти;

Сулайманова Н. ДААД программасы менен Германияда 3 айлык курстан өтүп келген; “Erasmus plus” проектиси боюнча Германиянын Цвикау Университетине Европанын бир канча университеттеринин ректорлору менен жолугушууга ОшМУнун ректору проф. (К.А.Исаков) жана Ж.Ф.Сарыкбаева 21.01.19-25.01.2019-жылы барышкан

-- 2019-2020 окуу жылы – к.ф.н., доцент Кайкыбашева А.К., Ганыбаева С.Р., Сарыкбаева Ж.Ф., Гёте Институту тарабынан Германия квалификацияларын жогорулатышкан; Таалайбеков Нуртилек, Бердикул уулу Жыргал Гёте Институту тарабынан 3 айлык курстан өтүп келген;

-- 2021-2022 окуу жылы – окутуучулар Осмоналива А., Камбаралиева Ж., Муканова Э., Пусурова С., Самидинова Ф. ДААД прогр.тарабынан «Кесиптик техникалык немис тилин окутуу» курсуна катышып келишти.

ДААД, Гете Институту мн байланыштар

Жыл сайын кафедранын немис тили борборунда ДААД тилдик ассисенти тарабынан “Сүйлөшүү клубу”, окутуучулар үчүн тилдик денгээлди жогорулатуу жана окутуунун жаны ыкмалары боюнча курстар өткөрүлүп турат. Немис тили адистигинде окуган студенттер үчүн Европанын билим алмашуу программаларына катышууга көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар:

-ДААД программасы (жайкы курстар (1-5ай),магистратура, докторантура, илимий изилдөө иштер ж.б.);

-Erasmus+ программасы (жайкы курстар (1-5ай),магистратура, илимий изилдөө иштер ж.б.);

Жайкы эс алуу убагында Германияда саякаттоо менен биргеликте иштеп келүү мүмкүнчүлүктөрү төмөнкү программалар боюнча жүргүзүлөт:

Ferienjob, Au-Pair, FSJ, LOGO, Ausbildung

Илимий багыттагы иш-чаралар

Немис тили кафедрасы ОшМУнун ректораты тарабынан бекитилген РК менен иш алып барат. Темасы «Окутууда жаңы технологияларды колдонуу менен студенттердин кесиптик даярдыгын өркүндөтүү» деген аталышта.

Кафедрада учурда 4 аспирант эмгектенет. Окутуучулар Сарыкбаева Ж.Ф., Муканова Э.Т., Пусурова С.Т., 2022-ж августь айында Вена шаарында Вена университетинде уюштурулган XVII эл аралык илимий конференцияга катышып келишти.

Аккредитация

2018-жылы бакалавриаттын 550300 “Филологиялык билим берүү” жана магистратуранын 531000 “Филология” багыттары боюнча 5-жылдык срокко EdNET агенствосу аркылуу программалык аккредитациядан ийгиликтүү өттүк.

Ушул эле жылы НААР агенствосу аркылуу институционалдык аккредитациядан өтүлдү.

ПЕРСПЕКТИВДҮҮ ИШ-ПЛАНДАРЫ

Кафедраны жогорку квалификациялуу кадрлар менен толуктоо, сапаттык көрсөткүчтү жогорулутуу багытында иштерди алып баруу;

2. Студенттер арасындагы илимий кружокторду жандандыруу жана аларды жаш окутуучулардын илимий ийримдери менен байланыштарын күчөтүү;

3. Окутуучулардын педагогикалык жана усулчулук чебердигин өстүрүү максатында факультете жана университете өткөрүүчү “Мыкты окутуучу", "Мыкты лектор", “Мыкты усулчу" конкурстарына жигердүү катышуу;

4. Окуу куралдарын, семинардык жана практикалык сабактарды өтүү боюнча усулдук колдонмолорду даярдоо жана басмага сунуштоо. Жарыяланган эмгектердин негизинде университеттик жана республикалык конкурска катышуу.

5. Илимий журналдарга, жыйнактарга макалаларды басып чыгаруу. РИНЦ, SCOPUS, Web of Science сайтарына илимий макалаларды жарыялоого жетишүү;

6 .Германистика багытында Лейпциг Университети менен академиялык тажрыйба алмашуу проектисин ишке ашыруу

7. Чет өлкөлүк университеттер менен мамилелерди түзүү жана чыңдоо.

8.Кафедранын сапаттык көрсөткүчүн жогорулатуу.