Магистратура
МАГИСТРАТУРАНЫН ТАРЫХЫ
Ош мамлекеттик университети - адамзаттын руханий баалуулуктарын сактоо жана байытуу боюнча тарыхый миссиясын татыктуу аткарууда окуу процессин интеграциялоонун, фундаменталдык илимий изилдөөлөрдүн жана инновациялык ыкмалардын негизинде коомдун интеллектуалдык элитасын даярдоону камсыз кылуучу алдыңкы билимди жана маалыматты алууга жана таркатууга багыт алган изилдөөчү типтеги классикалык университет.
ОшМУ үч баскычтуу билим берүүгө (бакалавриат, магистратура, PhD докторантура) укук алган республикадагы 3 мамлекеттик университеттин курамына кошулуп, бүгүнкү күндө Борбордук Азиядагы алдыңкы университеттердин катарына кирди.
1998-жылдан тартып ОшМУ менен Анкара университети ортосундагы келишимдин негизинде “Теология” багыты боюнча магистрлерди даярдоо ишке ашырыла баштаган.
Чет өлкөдөгү ар түрдүү магистрдик программалар боюнча магистрлерди даярдоо тажрыйбасын талдоонун натыйжасында 2008-жылы ОшМУнун “Бизнес жана менеджмент” факультетинин базасында “Экономика” жана “Менеджмент” багыттары боюнча магистрдик программалар ачылган.
Бул окуялар Кыргыз Республикасынын Түштүк аймагындагы биринчи болуп Ош мамлекеттик университетинде адистерди эки баскычтуу “бакалавр-магистр” системасы боюнча даярдоого өтүү башталганынан кабар берет.
Учурда университетте 50 багыт боюнча магистрдик программалар бар жана бул тизме жылдан жылга өсүүдө.
МАГИСТРАТУРА буклет кыргызча
МАГИСТРАТУРА буклет на русском