Илим изилдөө иштери

Илимий- изилдөө иштери төмөндөгүдөй багыттарда жүргүзүлөт:

1.«Экологиялык таза төмөнкү температуралык жылуулук ташыгычтарды иштеп чыгуу жана изилдөө» темасы кафедрадагы «Төмөнкү температуралуу жылуулук ташыгычтар» илимий лабораториясынын илимий кызматкерлери тарбынан аткарылат (Каттоо №0005836, илимий жетекчиси т.и.д., проф. М.Д. Абдуллаева). Илимий иштин жыйынтыгында иштелип чыккан жаны, экологиялык жактан таза жылуулук ташыгычтарга Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын 7 патенти берилген жана ал жылуулук ташыгычтар учурда Россия Федерациясында, Казахстанда жана Швейцарияда өндүрүлүп чыгарылып, эл чарбасында кеёири колдонулууда.

2.«Нефелин сиенитинин Зардалыдагы кен байлыгынан Кыргызстандын эл чарбасы үчүн зарыл болгон химиялык продуктуларды алуунун технологиясын иштеп чыгуу» (каттоо №0007218, илимий жетекчиси т.и.д, профессор М.Д. Абдуллаева). Илимий тема 2010-жылдан бери КР нын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан каржыланып келет. Бул тема боюнча жүргүзүлгөн илимий-изилдөө иштерине кафедранын окутуучулары, изденүүчүлөрү, аспиранттары, магистрлери жана жогорку курстун студенттери активдүү катышышат.

3. «Тоо шартында бальнеологиялык ресурстарды колдонуунун геоэкологиялык аспектилери» боюнча х.и.к., доцент Т.А.Мамытов, «Отко чыдамдуу металлдардын нанодисперстик татаал карбиддерин алуу» боюнча х.и.к., доцент Т.А.Абдулазизов, «–N, -O, -S кармаган органикалык лигандалардын өтмө металлдар менен болгон комплекстик бирикмелерин синдезд өө жана алардын физико-химиялык касиеттерин изилдөө» боюнча х.и.к.., доцент Сапаров К.К. докторлук диссертациялардын үстүндө иштешүүдө. Бул окумуштуулар эл аралык жана регионалдык илимий конференцияларга активдүү катышуу менен бирге студенттердин жана магистрлердин илимий иштерине жетекчилик кылышат.

4. «Жогорку жана орто кесиптик окуу жайларда химияны окутуу процессинде болочок адистердин кесиптик компетенттүүлүгүн калыптандыруунун айрым жолдору» (илимий жетекчиси п.и.к., проф. Г.Т.Турдубаева) аттуу илимий тема боюнча изилдөө иштерин кафедранын методисттери жана магистрлери алып барышат жана алар университеттин, факультеттин илимий - методикалык иштерин аткарууга активдүү катышышат.

Аспиранты и магистранты во время работы



Кафедра мүчөлөрү илимий конференциялардын активдүү уюштуруучулары жана катышуучулары.



Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы , химия илимдеринин кандидаты, профессор Г.Турдубаева аспиранттары менен иш үстүндө.



Химиктер КРнын УИАсынын “Жаратылыштык жана минералдык сырьену кайра иштетүү” илимий лабораториясынын башчысы, академик Б.М.Мурзубраимов менен