Перспективный план
Жогорку математика кафедрасынын 2019-2024-жылдары кафедраны өнүктүрүү программасы Шилтеме

Кафедранын өнүгүү программасынын максаттары жана милдеттери

Программанын максаты - региондун жана республиканын, мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына жооп бере ала турган, жогорку квалификациялуу кадрларын даярдоодо Ош мамлекеттик университетинин структуралык бөлүмү катары кафедраны өнүктүрүү. Билим берүүнүн, илим изилдөөнүн, инвестиялардын жана инновациялардын интеграциясынан турган изилдөөлөрдү жүргүзүп, ийгиликке жетүү.

Кафедраны өнүктүрүү программасынын милдеттери :

1. Кафедранын кадр потенциалын өнүктүрүү;

2. Билим берүүнүн сапатын көтөрүүдө окутуунун заманбап технологияларын колдонуп окутууну өнүктүрүү;

3. Материалдык-техникалык базаны жогорулатуу.

Кафедра тарабынан аткарылуучу иш чаралар:

· кафедрага бекитилген дисциплиналар боюнча окутуунун жумушчу программаларынын сапатын жакшыртуу окуу-методикалык комплекстер менен камсыз кылуу;

· педагогикалык чеберчиликти жогорулатуу максатында "Мыкты лектор" , "Мыкты окутуучу" конкурстарына катышын кафедранын мүчөлөрүн жана байгелүү орундарга жеткирүү;

· ОшМУнун 80 жылдык юбилейине карата өткөрүлүүчү эл аралык конференцияга макалаларды даярдоо;

· Кафедраданын мүчөлөрү тарабынан жарык көргөн эмгектерди университеттик жана республикалык деңгээлдеги конкурстарга катышып, байгелүү орундарга жеткирүүгө жетишүү;

· кафедрада ачылган адистикти жандандыруу

· факультеттер аралык жана университеттер аралык олимпиадага математикалык эмес профилдеги студенттердин командасын алдыга чыгаруу;

· Студенттердин өз алдынча иштеринин натыйжалуулугун күчөтүү жана аларды атайын журналдарга белгилөө;

· Окутуучунун жетекчилиги астында студенттердин индивидуалдык изилдөө иштерин жандандыруу.

· окутуунун интерактивдүү формаларын жөнгө салуу жана ишке ашыруу;

· студенттер тарабынан өздөштүрүлгөн компетенцияларды объективдүү баалоо үчүн, критерийлери көрсөтүлгөн баалоо каражаттарын толук иштеп чыгуу;

· окуу-методикалык колдонмолорду диск түрүндө даярдоо;

· ачык сабактардын видео сабактарын даярдоо жана натыйжалуулугун жогорулатуу;

· Окуу процессинин алкагында окуу жана таанышуу суроолору боюнча тынымсыз индивидуалдык консультацияларды өткөрүп туруу ;

· кафедранын рейтингин көтөрүү максатта, окутуучуларын академиялык мобилүүлүккө катыштырууга, чет өлкөгө стажировкага, тажрыйба алмашууга, экскурсияга жөнөтүү (Кытай, Турция, Россия) маселелерине көңүл буруу жана ишке ашыруу;

· эффективдүү жана сапаттуу сабак берүүгө шарттарды түзүү;

· жемиштүү усулдук иштерди аткаруу үчүн шарттарды түзүү;

· окутуучулардын илим изилдөө иштерин улантуу үчүн шарттарды түзүү;

· кафедра үчүн керектүү болгон заманбап эмеректерин жаңылоо;.

Кафедранын билим берүү ишмердүүлүгүн өнүктүрүү областында негизги маселелер :

· Кыргыз Республикасынын мамлекеттик стандартына ылайык билим берүү программаларын реализация жасоо;

· факультет менен кафедранын байланышын күчөтүү максатында кафедранын карамагында жогорку жана орто кесиптик адистиктерди ачуу;

· окуу программаларын жана компетенциялардын системасын жаңылоодо активдүү катышуу;

· кафедранын дисциплиналары боюнча кесипке багыттуу окуу колдонмолорун иштеп чыгуу.

Илим изилдөө жана инновациялык ишмердүүлүк чөйрөсүндө кафедранын негизги маселелери:

· кафедранын окутуучулук профессордук курамынын сапатын көтөрүү;

· окуу процессинде илим изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын кеңири пайдалануу жана илим изилдөө иштерине студенттерди тартуу;

· эл аралык конференцияларга кафедранын мүчөлөлүн, студенттерди катыштырууга шарт түзүү;

  • эл аралык журналдарга макалаларды чыгаруу;

· көрүнүктүү жана чыгаан инсан-адистер менен жолугушууларды уюштуруу;

· студенттердин квалификациялык иштерине талаптарды күчөтүү;

· кафедранын илим изилдөө иштерин гранттарга буруу жана инвестициялык программаларды жаратуу;

  • окутуу процессин модернизациялоо;
  • инновациялык программаларды иштеп чыгуу.

Тарбиялык иштер

Максаттар :

1. Жарандык - патриоттук тарбия берүү;

2. Сергек жашоо образын пропагандалоо;

3. Профориентациялык иштерди жүргүзүү.

4. Студент-жаштарды тарбиялоодогу куратордун милдетин күчөтүү

Максаттарды ишке ашыруунун деңгээлдери :

I. Жалпы универститеттик;

II. Факультеттик;

III. Кафедралык;

IV. Тайпалык;

V. Индивидуалдык.

ОшМУда окуу жайдын ректору, профессор К.А. Исаков демилге көтөрүп баштаган "7 сунуш" проектиси боюнча иш алып барууну андан арыулантуу:

1. Кафедраны модернизациялоодо санариптик багыт боюнча иш аракеттерин күчөтүү;

2. Колдонмо бакалавриаттын планына өтүү, колдонмолорду чыгаруу;

3. Инновациялык программаларды иштеп чыгуу, гранттык программаларга активтүү катышуу;

4. Кафедрада эффективдүү жана сапаттуу сабак берүүгө, жемиштүү усулдук иштерди аткаруу жана окутуучулардын илим изилдөө иштерин улантуу үчүн шарттарды түзүү;

5. Кафедранын окутуучуларын квалификациясын жогорулатуу максатында чет өлкөлөргө стажировкага, тажрыйба алмашууга, экскурсияга жөнөтүү, тил курстарын тынымсыз катышуу;

6. Жарандык - патриоттук тарбия берүү, Ата-мекенди коргоо.