Новости Архив

О факультете

ОшМУнун миссиясы

• Компетенттүүлүк мамиле менен заманбап билим берүү процессинде сапаттын кепилдигин камсыздоо; билим берүүнүн, илимдин жана маданияттын дүйнөлүк мейкиндигине интеграциялануу; жаштарда адептик, маданий жана илимий баалуулуктарды калыптандыруу;

• Мамлекеттин экономикалык, социалдык жана саясий өнүгүүсүн камсыздоо үчүн өзүнүн интеллектуалдык потенциалын илимде, өндүрүштө жана кесиптик ишмердүүлүгүндө жүзөгө ашыра ала турган жогорку профессионалдык кадрларды даярдоо;

• Борбордук Азиядагы эң мыкты 3 университеттин катарына кирүү.

Факультеттин миссиясы:

Азыркы базар экономикасынын талаптарына жооп берген, жаны технологияларды колдоно билген жана атаандаштарга туруштук бере алган корком онор, музыка, дизайн багытындагы жогорку билимдуу адистерди даярдоо.

Факультеттин негизги максаты:

Студенттерге сапаттуу билим беруу менен коомдун руханий дуйносун байытуу, тазартуу жана маданияттуу коом тузууго зор салым кошуу.

Факультеттин негизги милдети:

- Жаштарыбызды мекенчилдикке, адилеттуулукко, кыргыз элинин каада салттарын сыйлап урматтоого, терен билим алууга жана татыктуу жашоого тарбиялоо.

- Билимдин жана илимдин инновациялык технологияларынын, методдорунун жана илимий-техникалык жетишкендиктеринин негизинде окуу процесстерин уюштуруу жана өткөрүү.

- Дүйнөлүк маданияттын жана саясаттын өзгөрүүсүнүн, өнүгүүсүнүн шартында студенттердин чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн жана өз алдынча иштөөлөрүн өнүктүрүү.

- Студенттердин маалыматтык, стратегиялык ык машыгууларын жана креативдүү ой - жүгүртүүлөрүн калыптандыруу жана азыркы нормативдүү, илимий жана башка маалыматтар менен иштөөгө үйрөтүү.

Тарыхы

  1959-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун базасында музыкалык-педагогикалык факультет ачылган. Факультет ачылгандан баштап Д. Лондон, Б. Апышов, С. Нурова, Т. Сарыков жетектеп, музыкалык бөлүмдөгү студент жаштарды сабаттуулукка үйрөтүүдө К. Карабаев, А. Асанов, Б. Абакирова, В. Гребенников, В. Кириллов, К. Гумбина, А. Ленгарт сыяктуу жогорку квалификациялуу педагог-музыканттар эмгектенишкен. 1978-жылы “Музыкалык-педагогикалык” факультетинен “Музыка” адистиги бөлүнүп, аны С. Дуйшөналиев, А. Топчуев, М. Жутановалар жетектектешкен. 1989-жылы Ош МУнун “Педагогика” факультетинин базасында “Сүрөт, чийүү жана эмгек” кафедрасы түзүлгөн. КРдин Билим берүү министрлигинин 1993-жылдын 6-августундагы №335/1 жана ректордун 1993-жылдын 2-сентябрындагы №83-буйругуна ылайык “Педагогика” факультетинен “Сүрөт, чийүү жана эмгек кафедрасы” “Музыка” факультетине кошулгандыгына байланыштуу “Искусство” факультети уюштурулуп, алгач А. Мырсабеков кийин А. Калыков, М. Абдугулов, Б. Мамбеталиев, И. Жунусов, Б. Иметов жетектеп келишти. 2007- жылдан “Искусство” факультети “Педагогика” факультетине кайрадан бириктирилип А. Аттокуров, Т. Акматова жетектектешкен, 2011-жылдан ОшМУнун ректору К. Исаковдун демилгеси менен “Искусство” факультети кайрадан түзүлүп, матр Р. Филиппова, К. Курбанбаевдар факультетти жетектешти. Учурда факультетти доцент Ж. Мойдунов жетектеп келүүдө. 1959-жылдан жаңы ачылган бөлүмдө, студент жаштарды музыкалык сабаттуулука үйрөтүүдө окутуучулар К.Карабаев А.Асанов Б.Абакировалар чоң эмгек кылышкан,кийинчерээк В.Гребенников,В.Кириллов К.Гумбина,А.Ленгарт сыяктуу жогорку квалификациялуу педогог-музыканттар эмгектенишкен. 1963-1964-окуу жылдарында аталган факультетте "Музыканын теориясы жана тарыхы" жана "Музыкалык аспаптарды аткаруу" аттуу кафедралар иштеген. 1963-жылы музыканын теориясы жана музыканын тарыхы кафедрасынан музыкалык аспаптарда аткаруу кафедрасы бєлунуп чыккан. 1969-жылы "Хорду дирижерлөө" кафедрасы түзүлгөн. 1978-жылы Музыкалык-педагогикалык факультетинен болунуп Искусство факультети ачылган.
1989-жылы Ош МУнун педагогика факультетинин базасында Көркөм сүрөт, чийүү жана эмгек кафедрасы түзүлгөн. Кафедраны негиздеп, жетектеп, аны окуу-усулдук жана кадрдык жактан даярдоодо Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, профессор М.Оморкуловдун эмгеги зор. Кафедраны кийинчерээк А.Айдосов (1989-1992), М.Ысмайылов (1992-1994), М.Эшбаев (1994-2000), К.Төрөгелдиева (2000-2002), Т.Жумакуловдор (2002-2010), Көркөм сүрөт бөлүмүнүн башчысы кызматында, доцент К.Шакиров (2010-11), (2011-2020) Г.Т., Максытова жетектешкен.
ОшМУнун окумуштуулар кеңешинин 2020-жылдын 30-ноябрындагы №2 протоколунун негизинде "Искусство"факультетинин "Сүрөт чийүү жана эмгек"кафедрасынын курамынан "Дизайн"деген аталыштагы кафедра түзүлүп чыккан.
ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин 28-майындагы №8 жыйынынын негизинде ОшМУнун кыргыз-түрк факультетинин курамындагы режиссура колдонуучу багыттары боюнча адистиги искусство факультетинин курамына өткөрүлдү.

2018-жылы искусство факультетине, ОшМУнун ректору К. Исаковтун демилгеси менен жаңы курулган заманбап окуу корпусу ишке берилген. Азыркы мезгилде факультетте:
   
- 550600 “Көркөм билим берүү” багыты

11-кл. базасында. ЖРТ милдеттүү эмес.

“Музыкалык искусство” профили

Окуу мөөнөтү - 4жыл бакалавр

“Көркөм өнөр искусствосу” профили

Окуу мөөнөтү - 4жыл бакалавр

Окуу формасы - күндүзгү жана дистанттык окутуу

дистанттык окуу - 5жыл


- 570700 “Костюм жана текстиль искусствосу”

11-кл. базасында. ЖРТ милдеттүү.

“Костюмду көркөм долборлоо” профили

Окуу мөөнөтү - 4жыл бакалавр


-570400 “Дизайн”багыты

11-кл. базасында, ЖРТ милдетүү эмес.

“Кийим дизайны”профили

Окуу мөөнөтү - 4жыл

“Интерьер дизайны” профили

Окуу мөөнөтү - 4жыл бакалавр


- 570012 “Эстраданын музыкалык искусствосу”

“Эстраданын музыкалык искусствосу” 11-кл. базасында, ЖРТ милдетүү эмес.

Окуу мөөнөтү - 5жыл кесиптик


-570015 “Режиссура”

11-кл. базасында, ЖРТ милдетүү эмес.

Окуу мөөнөтү - 5жыл кесиптик



Магистратура бөлүмү

550600 - “Көркөм билим берүү” багыты.

окуу мөөнөтү - 2жыл.

570700 - “Костюм жана текстиль искусствосу”.

окуу мөөнөтү - 2жыл.