«БЕКИТЕМИН»
ОшМУнун ректору, профессор
К.А.Исаков
________________________
«18» январь, 2016-ж.
2016-жыл Кыргыз Республикасында Тарых жана маданият жылына карата ОшМУда уюштурулуучу иш-чараларынын
ПЛАНЫ
1. Илимий багыттагы иш-чаралар
(ректораттан жооптуу өкүл Т.Т.Жумабева)
№ |
Иш-чаранын аталышы |
Форматы |
Мөөнөтү |
Жооптуулар |
1. |
Кыргызстан тарыхы–нын учурдагы абалы жана келечеги |
Ачык лекция |
Графикке ылайык жыл бою |
Бул ачык лекция ар бир факультетте тарых факультети–нин окутуучулары тарабынан студент–терге жана каалоо–чуларга өткөрүлөт |
2. |
“Тарых – улуу тарбиячы” |
Тарыхый даталарга, тарыхый инсандардын мааракелерине карата студенттик сынактарды өткөрүү |
График боюнча, жыл бою |
Бул конкурстар тарых факультети–нин студенттеринин арасында өткөрүлөт |
3. |
Жергиликтүү, республикалык жана чет элдик ММКлардан чыгып туруу |
Макала, интервью, талкуу |
График боюнча, жыл бою |
ОшМУ, ректораты, тиешелүү структуралар |
4. |
Студенттерди Ош шаарынын жана түштүк Кыргызстандын тарыхый-маданий эстеликтери менен тааныштыруу |
Илимий, тарыхый караван “Улуу жибек жолу” |
Графикке ылайык, жыл бою |
Бул иш чара тарыхчы эмес адистиктердин 2-курстарынын студенттери үчүн уюштурулат |
5. |
Маданият жана искусство баалуулук–тарын, заманбап багыттарын, өнүгүү тенденцияларын элге кеңири жайылтуу. ОшТВ, КТРК, ЭЛТР, каналдарында атайын темаларда телеберүү–лөрдү уюштуруу, газета, журналдарга макалаларды жарыялоо |
Телеберүүлөр, газета, журналдарга макаларды даярдоо жарыялоо |
График боюнча, жыл бою |
ОшМУ, искусство факультети жана тиешелүү структуралар |
6. |
Шаардык мектептер–деги тарых, музыка, сүрөт сабактарынын талапка ылайык уюштурулушу менен таанышуу жана изилдөө жүргүзүү |
Практикалык сабактар |
График боюнча, жыл бою |
ОшМУ, искусство, тарых факультет–тери ж.б. тиешелүү структуралар |
7. |
Дүйнөлүк классикалык музыкалардын жумалыктарын уюштуруу, искусство багыттары боюнча лекцияларды студент–терге, классика күйөрмандарына, элге тартылоо |
Лекция, семинарлар, музыкалык кечелер |
График боюнча, жыл бою |
ОшМУ, искусство факультети ж.б. тиешелүү структуралар |
8. |
Белгилүү обончу, композитор жана сүрөтчүлөрдүн жолугушууларын, чыгармачыл кечелерин уюштуруу, о.э. ОшМУнун Ош шаарындагы окуу жайларынын окутуучу–ларынын жана студенттеринин музыка, сүрөт тартуу, кол өнөрчүлүк боюнча таланттарынын конкурсун өткөрүү |
Сынактар, чыгармачыл кечелер, көргөзмө-сынактар, жолугшуулар, семинарлар |
График боюнча, жыл бою |
ОшМУ, искусство факультети |
9. |
“Өмүрү өрнөк инсандар” |
Ж. Баласагындын, Тайлак баатырдын ж.б. коомдук саясий, билим берүүдө, илимде, адабиятка, маданиятта эмгек сиңирген ишмерлерге, чыгаан инсандардын мааракеле–рине карата конферен–циялар, семинарлар студенттик илимий тегерек стол ж.б. өткөрүү |
Жыл ичи, талапка жараша |
Ректорат, тиешелүү структуралар |
10. |
Университеттеги “Илим жумалыктары” тарых жана маданият жылына арналат |
Университеттин окутуучулары жана студенттеринин катышуусунда илимий конференция, семинар, лекция, тегерек столдор, ачык сабактар, дебат, сынак-көргөзмөлөр жана концерттик программалар |
Илим жумалыгы |
ОшМУ, тиешелүү структуралар |
11. |
Студенттердин “Маданият – улуттун күзгүсү” аттуу темада концертин өткөрүү |
Концерттик программа |
Илим жумалыгы |
ОшМУ, искусство факультети |
1 2. |
Шаардык мектептерге ачык эшик иш чарасын уюштуруу |
Концерттик программа, сүрөт көргөзмөсү, костюмдар, моделдер подиуму |
Илим жумалыгы |
ОшМУ, искусство факультети |
1 3. |
ОшМУнун окутуучу–ларынын колунан жаралган кол өнөрчүлүк, сүрөт, кийим, гобелен ж.б. искусствонун түрлөрүнөн көргөзмө уюштуруу |
Көргөзмө |
Регулярдуу |
ОшМУ, искусство факультети |
1 4. |
Тарыхты окутуунун методологиялык маселелери |
Мектептин тарых мугалим–дери үчүн методологиялык семинар |
Март-октябрь, 2016 |
Мектеп мугалимдери жана жаш окутуучуларга |
1 5. |
ЖОЖдун студенттери менен шаардык мектептердин окуучу–ларынын арасында “Жаш дизайнер” аттуу темада дизайнерлердин көргөзмө сынагын уюштуруу |
Көргөзмө-сынак |
Апрель, 2016 |
ОшМУ, искусство факультети |
1 6. |
Кыргыз элинин улуттук мамлекеттүүлүгүн түзүү жолундагы азаттык күрөштөрү |
Илимий-практикалык конференция |
Апрель, 2016 |
КРнын Президенти–нин Аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастары–нын “Мурас” Фонду, КРнын билим берүү жана илим министр–лиги, ОшМУ тарабынан ОшМУнун базасында өткөрүлөт |
1 7. |
Тарыхый- археология–лык, маданий мурас–тарды изилдөө, коргоого алуу жана сактоо маселелери |
Жыл ичи семнар |
Май, 2016 |
“Улуттук Алтын фонду”, Архив жана музей кызматкер–лери менен бирге–ликте өткөрүлөт |
1 8. |
Кыргыз АССРынын 90 жылдыгына карата |
Эл аралык илимий -практикалык конференция, тегерек столдор, лекция, семинарлар |
Май-октябрь, 2016 |
КРнын Президенти–нин Аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастары–нын “Мурас” Фонду, КРнын билим берүү жана илим министр–лиги, ОшМУ тарабынан ОшМУнун базасында өткөрүлөт |
1 9. |
Кыргыз ССРинин 80 жылдыгына жана Эгемен Кыргыз республикасынын 25 жылдыгына карата |
Эл аралык илимий -практикалык конференция, тегерек столдор, лекция, семинарлар |
Май-октябрь, 2016 |
КРнын Президенти–нин Аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастары–нын “Мурас” Фонду, КРнын билим берүү жана илим министр–лиги, ОшМУ тарабынан ОшМУнун базасында өткөрүлөт |
2 0. |
“Борбордук Азия элдеринин маданий жалпылыгы” |
Кыргызстан антропологдо–рунун жана этнологдорунун III эл аралык Конгресси |
Июнь, 2016 |
ОшМУнун базасында өткөрүлөт |
21. |
Саймалуу-таш жана Суук-дөбө – байыркы сүрөт галереялары |
Илимий-практикалык экспедиция |
Июнь-июль, 2016 |
Тарых факультети–нин студенттери, окутуучулары. Бул экспедицияга каалагандар өз эсебинен кошула алат |
22. |
“Бабалар баскан из менен” |
Кызыл-Суу кыргыз автном областына (КЭР) жана Алтай, Энесай аймактарына чакан илимий – таанып билүүчүлүк экспедиция |
Июль-август, 2016 |
Демөөрчү табылса |
23. |
Кыргыз элинин 1916-жылдагы элдик-боштондук көтөрүлү–шүнүн 100 жылдыгына карата |
Эл аралык илимий -практикалык конференция, тегерек столдор, семинарлар, лекция |
Апрель-август, 2016 |
КРнын Президенти–нин Аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастары–нын “Мурас” Фонду, КРнын билим берүү жана илим министр–лиги, ОшМУ тарабынан ОшМУнун базасында өткөрүлөт |
24. |
Искусство факультети–нин бүтүрүүчүлөрүнүн областтык деңгээлдеги концертин өткөрүү |
Концерт-фестиваль |
Сентябрь, 2016 |
ОшМУ, искусство факультети |
25. |
Түрк элинин залкар ойчулу, акыны жана мамлекеттик ишмери Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына карата |
Эл аралык илимий-практикалык конференция, семинар, лекциялар |
Сентябрь-май, 2016 |
КРнын Президенти–нин Аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастары–нын “Мурас” Фонду, КРнын билим берүү жана илим министр–лиги, ОшМУ тарабынан ОшМУнун базасында өткөрүлөт |
26. |
ОшМУнун окутуучу–ларынын жеке отчеттук концерттерин өткөрүү, уюштуруу, элге тартылоо |
Отчеттук концерттер |
Октябрь, 2016 |
ОшМУ, искусство факультети |
27. |
“Союздук республика–дан – эгемендүүлүккө карай” |
Кыргыз АССРынын 90, Кыргыз ССРынын 80 жылдыгына, Эгемендүү–лүктүн 25 жылдыгына карата студенттик илимий конференция |
Ноябрь, 2016 |
ОшМУ, тарых факультети |
2. Тарбия багытындагы иш-чаралар
(ректораттан жооптуу өкүл З.С.Божонов)
№ |
Иш - чаралар |
Аткаруу - нунмөөнөтү |
Жооптуу уюштуруучулар |
Өткөрүү жайы |
28 |
КРдин Президентинин Жарлыгын - “2016-жыл Кыргыз Республикасында Тарых жана маданият жылы” экендигин жарнаамалаган баннерлерди ОшМУнун окуу имараттарына, жатаканаларына илүү |
Январь |
Тарбия департаменти |
Факультет, коллеж, жатаканаларда |
29 |
Тарых жана маданият жылынын алкагында “2016-жыл ОшМУнун тарбия тармагында: студенттерди этнопедагогиканын негиздеринде тарбиялоо жылы” деп жарыялоо. Ага ылайык структураларда: тайпалык, факультеттик, коллеждик, институттук, аялдар кеңеши, жатаканалар, жаштар комитетинин иш планын түзүп чыгуу |
Январь |
Декандын тарбия иштери боюнча орун басарлары, кураторлор, ЖК төрагалары, Аял-дар кеңешинин төрайымдары, коменданттар |
|
30 |
Кыргыз жарандары билүүгө тийиш болгон Кыргыз мамлекетинин тарыхындагы урунттуу учурларды, окуяларды, белгилүү даталарды окуу имараттарына, жатаканаларына илүү |
Февраль |
Декандар, коменданттар |
Факультет, коллеж, жатаканаларда |
31 |
ОшМУнун “Студенттик театр” аталышындагы адабий-театралдык ийримин түзүү жана таланттуу студенттер менен тарыхый-маданий темадагы жаңы инсценировкаларды коюу |
Февралдан баштап жыл бою |
Тарбия департаменти, маданий-эстетикалык борбору |
|
32 |
Жатаканалардын эс алуу бөлмөлөрүн мезгилдүү басылмалар: гезит, журналдар менен камсыздоо, жазылуу уюштуруу |
Февралдан баштап |
Борбордук китепкана координатор, комендантттар |
№1,2,3,4А,4Б,6 жатакана-р |
33 |
Студенттердин көркөм адабиятты, газета-журналдарды канчалык окушкандыгын; театрга, музейге, кинотеатрга баруусу боюнча талдоо жүргүзүү, анкета алуу, сунуштарды иштеп чыгуу |
10-февралга чейин |
Студенттик акыйкатчы аппараты, кыргыз филологиясы жана журналистика, орус филологиясы факультеттери |
Факультет, коллеждер |
34 |
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен ОшМУнун маданий-аймак таануу байланыштарынын алкагында “ОшМУ таланттарынын” фольклордук-эстрадалык концертин уюштуруу |
22-февраль |
ОшМУнун маданий-эстетикалык борбору |
И.Арабаев атындагы КМУ, Бишкек шаары |
35 |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги кабыл алынган күнүнө карата ОшМУда «Кыргызстанымдын желеги – жүрөгүмдө желбирейт!» мекенчилдик иш-чарасын уюштуруу |
3-март |
Тарбия департаменти, декандар, коменданттар |
Факуль-тет, коллеж-дерде |
36 |
Университетте Ак калпак күнүн өткөрүү |
5-март |
Тарбия департаменти |
Факуль-тет, коллеждерде |
37 |
“Ак-Буура боюндагы кадыр түн” аттуу Кыргыз элинин салттык-маданий иш-чарасын уюштуруу. Кыргыз айылын жасоо: улуттук оюндардын (эр эңиш, тыйын эңмей, бука тартыш, селкинчек тебүү, күрөш ж.б.) мелдеши; улуттук тамак-аштардын жарманкесин өткөзүү, сүмөлөк жасоо; “ОшМУ жазы” фольклордук фестивалынын гала-концертин коюу, сармерден өткөзүү, кадыр түн тосуу, Нооруз майрамын майрамдоо |
20-март |
Тарбия департаменти, декандар, маданий-эстетикалык борбору |
Медицина факульте-тинин спорттук аянтчасында |
38 |
Кыргызстан тарыхы предмети боюнча факультеттер аралык “Брейн-Ринг” интеллектуалдык таймашы |
16-май |
Жаштар комитети, Кыргызстан тарыхы кафедрасы |
Башкы имарат, ЧАЗ |
39 |
“ОшМУда китеп түнүн” уюштуруу. Студенттин бир күнү: көркөм, илимий адабияттардын көргөзмөсү, сессияга даярдануу (бардык окуу аудитория-лары ачык болот), поэзия кечеси, кино көрүү, спектакль көрүү, акын, жазуучулар менен жолугушуу ж.б. |
20-май |
Тарбия департаменти, декандар, китепканалар |
Факуль-тет,коллеждер, китепканалар, жатакана |
40 |
“ОшМУ – бирдиктүү Кыргызстан үчүн!” деген ураан менен Сулайман тоо - Жалал-Абад - Манас ордо - Ата бейит – Бурана - Рух ордо багыты боюнча тарыхый-аймак таануучулук “Ынтымак” кербенин уюштуруу |
Июль |
Тарбия департаменти |
Ош, Жа-лал-Абад, Талас, Бишкек, Ысык-Көл |
41 |
Кыргыз элинин тарыхын, маданиятын камтыган көркөм тасмаларды, спектаклдерди көрүүнү уюштуруу |
Ай сайын |
Тарбия департаменти, ОУДТ |
ОУДТ, “Ак-Буура” кинозал |
42 |
Университеттин массалык-маалымат каражаттарында төмөндөгүдөй рубрикаларды ачуу: “Фабула” (классикалык адабий чыгармалар жөнүндө маалымат жазуу), “Саркеч” (кийинүү маданияты жөнүндө), “Этикет” (коомдук жайда өзүн алып жүрүү, маданияттуу мамиле жөнүндө), “Интеллигент” (интеллигенттүүлүк, маданияттуулук жөнүндө). Бул боюнча макала, интервью, программаларды уюштуруу. |
Ай сайын |
“Үмүт” телестудиясы, “Нур” газетасы |
“Үмүт” телесту-диясы, “Нур” газетасы |
43 |
“ОшМУнун ар бир группасы бийлейт” аттуу бийлердин (классикалык, танго, көчө, улуттук, заманбап, латиноамерикалык ж.б.) фестиваль-кечелерин ай сайын бирден факультетте кезек менен өткөзүү |
Ай сайын |
Тарбия департаменти, маданий-эстетикалык борбору |
Факуль-тет,коллеждер, |
44 |
“Акын менен поэзия кечеси” аттуу поэзиялык жолугушуу кечелерин уюштуруу |
Айына бир жолудан |
“Жигер”, “Бүчүр” ийримдери, деканат |
Факуль-тет,коллеждер |
45 |
Ар бир факультеттин ар бир курсунда семестрде бир жолу “Мен сүйгөн чыгарма” аттуу адабиятчылар менен биргеликте адабий талкуу уюштуруу (мисалы, 5-курс февраль айында “Пушкиндик окуу”, 1-курс декабрда “Айтматовдук окуу” өткөзүү) |
Ай сайын |
Декандын орун басары, кураторлор, старосталар, кыргыз адабияты, дүйнөлүк адабият кафедралары |
Факуль-тет,коллеждер |
46 |
“Кыргызстан таануу” тарыхый-маданий борборун ачуу |
31-август |
Кыргызстан тарыхы кафедрасы |
тарых факуль-тети |
47 |
Студенттерге “Сүйлөө маданияты”, “Кийинүү маданияты”, “Жүрүм-турум маданияты” деген темада куратордук сааттарды өтүү |
Жыл бою |
Тарбия департаменти, кураторлор |
Бардык студент-тик тайпа-ларда |
3. Мамлекеттик тил багытындагы иш-чаралар
(ректораттан жооптуу өкүл О.А.Шаимкулов)
№ |
Аткарылуучу иш-чаралардын мазмуну |
Мөөнөтү |
Жооптуу
|
48 |
21-февраль – Бүткүл дүйнөлүк Эне тил майрамына карата «Тил билсең – дил билесиң» аттуу адабий-музыкалык композиция |
февраль |
О. Шаимкулов |
49 |
Акын А. Осмоновдун туулган күнүнө карата «Мен таңсам жаштан танам, ырдан таңбайм» аттуу көркөм адабий кече |
11- март |
О. Шаимкулов |
50 |
Апрель айы – сабаттуулук айына карата «Сабаттуулук – маданияттын күзгүсү» аттуу жат жазуу, тестирлөө сынактарын, жөө жүрүштөрүн уюштуруу |
апрель |
О. Шаимкулов |
51 |
Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына карата факультеттер арасында брейн-ринг өткөрүү, улуу философдун бейнесине арналган макалаларды ММКда жарыялоо, теле-радиодо талкууларды уюштуруу |
Апрель-май |
О. Шаимкулов |
52 |
23-сентябрь – мамлекеттик тил майрамына карата «Улут болсоң, тилиң менен улутсуң» аттуу адабий-музыкалык композиция |
Сентябрь |
О. Шаимкулов |
53 |
МолдоКылычтын 150 жылдык мааракесине карата анын чыгармачылыгына арналган иш чараларды уюштуруу |
Сентябрь |
Кыргызфилологиясы жана журналистика факультети |
54 |
Улуттук-боштондук кыймылдын кыргыз адабиятында чагылдырылышы |
Октябрь |
Кыргыз адабияты кафедрасы |
55 |
Мамлекеттик тилдин 27 жылдыгына жана К. Тыныстановдун 115 жылдыгына карата «К.Тыныстанов-окумуштуу-тилчи, жазуучу жана коомдук ишмер» илимий-практикалык конференция |
Ноябрь |
О. Шаимкулов |
56 |
12-декабрь –Адабият күнүнө карата улуу жазуучу Ч. Айтматовдун, акын А. Осмоновдун чыгармачылыгына карата адабий-көркөм кечелерди уюштуруу |
12-декабрь |
О. Шаимкулов |