Поступающему
  



ИСКУССТВО ФАКУЛЬТЕТИНИН ТАРЫХЫ

      1959-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун базасында музыкалык - педагогикалык факультети ачылган. Билим беруу министрлигинин 1993-жылы 6- августундагы №335/1 жана ректордун 1993-жылы 2- сентябрындагы №83-буйругуна ылайык педагогика факультетинин "Сурот, чийуу жана эмгек" кафедрасынын биригуусу менен искусство факультети уюштурулган.
Факультеттин негизги милдети Республикабызга искусство багытындагы томондогу адистиктерге жогорку билимдуу кадрларды даярдоо:

Камни
Адистиктердин аталышы Окуу мооноту Даярдоо багыты Контракт
550600- "Корком билим беруу","Корком искусство жана чийуу" (ЖРТ милдеттуу эмес)(11-класстын базасында) 4 жыл сурот мугалими бюджеттик негизинде
"Музыкалык билим беруу", (11- класстын базасында)(ЖРТ милдеттуу эмес) 4 жыл музыка мугалими бюджеттик негизинде
570700 - "Костюм жана текстиль искусствосу" (11- класстын базасында)Негизги тест жондомдуу сыноо 4 жыл суротчу стилист 26360с
570400 "Дизайн" (11- класстын базасында)Бакалавр. ЖРК милдеттуу эмес 4 жыл Дизайн 26360
570700 - 570012 "Эстраданын музыкалык искусствосу" (11- класстын базасында)Негизги тест жондомдуу сыноо 4 жыл музыка
Магистратура 2 жыл - 26360
- - - -

  
      


2001-жылы суротчу - модельер адистиги ачылган. Ал эми 2010-жылдан жогору билимдуу сурот чийуу жана эмгек мугалими, суротчу - стилист адистигин чыгаруучу "Сурот, чийуу жана эмгек" кафедрасы тузулгон, азыркы учурда кафедра башчысы, доцент к.т.н. Г.Максытова.
Болумдо республиканын туштугундогу бирден бир илимий методикалык сурот музейи тузулуп, бул музейдин негизин суротчу график Мырза Оморкуловдун чыгармалары тузот. Аталган болумдо искусство чеберлери жана ишмерлери, суротчу график Мырза Оморкулов, живописчи КР эл суротчусу А.Бейшенов, КР суротчулор кошунун мучолору турдуу эл аралык жана республиклак коргозмолордун катышуучулары: З.Турдубаева, А. Кушбакова, А.Оморкулов, М. Мамытов, М. Мамазаиров, белгилуу скульптор Т. Жумагулов, суротчу доцент М. Эшбаев, искусство - таануучу пррофессор Т.Кадырбаева жаш чыгармачыл жаш адистер улук окутуучулар У. Тешебаев, Р. Маматурдиева, доцент А. Марипов, К. Торогелдиева, А. Оморкулов, М. Маматов, Ы.Урманов, Р. Гапаров ийгиликтуу эмгектенип келишет. Биздин суротчулордун чон жетишкендиктеринин далили катары Москвада жана Бишкек, Санк-Петербург, Турция, Кытай,Украина,ж.б. республикалык жана эл аралык денгээлдеги чон коргозмолорго катышып, чон ийгиликтерге жетишти. Факультетте КРдин эл артиси Ж.Алыбаев, КРдин Эл артисти профессор Ф.Баяков, эл аралык жана республикалык конкурс - фестивальдарынын катышуучулары комузчулар доцент Б.Абдубалиев, окутуучу Ж.Атабаеве, обончу доценттер Ы.Бакиров, Э. Талипов, улук окутуучулар Ж.Мойдунов, М.Шукуралиева, доцент А.Кожомжаров ж.б. эмгектенишет.
Искусство факультетинин тузулушу Университеттин тырыхында чон окуя болгон. Жаныдан ачылган болумдо студент жаштарды музыкалык сабаттуулукка уйротуудо, окутуучулар К. Карабаев, А. Асанов, Б.Абакировалар, чон кызмат кылышкан, кийинчерээк В.М. Гребенников, В.А. Кириллов, К.А. Гумбина, А.Ленгарт сыяктуу жогорку квалификациялуу педагог-музыканттар эмгектенишкен. факультет ачылгандан баштап, Д.М. Лондон кийин Апышев, С.Нурова, С. Дуйшоналиев, Т. Сарыков, А. Топчуев, Н. Жутанова, А. Калыков, М.Абдугулов, Б. Мамбеталиев, И. Жунусов, Б. Иметов, Т. Акматовдор факультеттин деканы болу иштешкен. Азыркы учурда факультетти доцент ф.и.к Курбанбаев К.А. жетектоодо. 1963-1964-окуу жылында аталган факультетте 2 кафедра болгон. Алар:"Музыканын теорисы жана тарыхы", "Музыкалык аткаруучулук" кафедралары. 1963-жылы жаныдан "Музыкалык аспаптарда аткаруу" кафедрасы тузулгон. 1969-жылы "Хорду дирижерлоо" кафедрасы ачылган. 1978-жылы музыкалык- педагогикалык факультетинен болунуп, Искусство факультети болуп аталган.      Бул факультетти кыргыз элине белгилуу обончу композиторлор: Р. Абдыкадырова, А.Алымов, Ж.Алыбаев, И.Жунусов, Т.Эшбаев, Б.Тургунбаев, Т.Турдубаев, Т.Нурматов жана ошондой эле жаш ырчылар Замир Мырза, Эмил Балтагулов, Айпери Кулбаева, Темир Назаров, Раимжан к.Ж., А. Кабылова, ж.б. окуп бутушкон.
   Республиканын туштугундо хор искусствосун онуктуруудо факультеттин ролу чон. Хор коллективи эл аралык конкурстарга катышып: 1975-жылы Таллин шаарында алтын медалды, 1977-жылы Болгариянын Варна шаарында кумуш медалды женип алышкан.
  Азыркы мезгилде илим изилдоо жагынан бир топ жылыштар бар. Окутуучулар Москва, Киев, Бишкек шаарларынан кандидаттык диссертациясын коргоп келишти. Ошондой эле аспираттарыбыз да илим изилдоо иштерин активдуу жургузушуудо.
1989-жылы ОшМУнун педагогика факультетинин базасында "Корком сурот, чийуу жана эмгек" кафедрасы тузулгон.
Кафедранын пайдубалын негиздеген Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек синирген кызматкер, профессор Мырза Оморкулов агайдын зор эмгени унутулбайт.


 
ОКУУГА КИРУУ УЧУН КЕРЕКТЕЛУУЧУ ДОКУМЕНТТЕР
1. Абитуриенттин арызы
2. АТТЕСТАТ же ДИПЛОМ
4. 3х4 олчомдогу 6 даана сурот
5. Паспорт же туулгандыгы жонундо куболуктун кочурмосчу


Документтерди тапшырууда абитуриенттер оздору менен паспорттун, аскерге милдеттуулор аскер билетин же катталуу куболугун корсотушот.

       ДАРЕГИБИЗ:
723500 Ош ш. Ленин кочосу 331, ОшМУ Башкы корпус,
Телефон: 0(3222)24525
E-mail: www.oshsu.kg


Искусство факултети:
Ош ш. проспекти А.Масалиева-Монуева 48в
Байланыш телефондору:
(03222)7-64-06
(0773)55-76-77
(0773)41-41-44
(0773)08-00-54