История
Административдик – чарба департаменти

Ош мамлекеттик университети – пединиститут катары ишмердүүлүгүн башталганда алгач бир гана корпуста жайгашкан . Ал мезгилде ЖОЖдун материалдык- техникалык базасынын өнүгүшнө салымын кошкон директордун орун басарларын Б.Асранкулов Т.Эшматовдордун эмгегин белгилөөгө болот.
Жылдан - жылга билим журтунда окуу корпустарынын саны көбөйүп, жатаканалар, лабораториялар, өнөрканалар курула баштаган.1960- жылы Ош ПИнин жаңы башкы корпусу курулган .Окуу жайы иштеп жаткандан бери анын материалдык- техникалык базасы чыңдалды . Административдик – чарба бөлүмү боюнча проректордун кызмат орду киргизилди. Айрыкча чоң өзгөрүүлөр 70-80 жылдарга туш келип, ал мезгилде проректор кызматында Э.Базарбаев, А.Донин, андан соң көп жылдар Ж.Маматов эмгектенген. Ошол учурда филология факультети кеңейип, окуу корпусуна кошумча курулуш кошулган, чет тилдер факультети жаны окуу корпусуна ээ болгон, жаны жатаканалар курулган . Кийинчерээк азыркы учурдагы табият таануу жана география, теология факультеттери орун алган имарат тургузулган. Кийинки жылдары тарых-юридика , медицина жана искусство факультеттери өзүнчө окуу корпустарына ээ болушту.
ЖОЖдун материалдык - техникалык базасынын өсүшүнө чарбачыл, тажрыйбалуу администратор, АЧБ боюнча проректор Маматов Жолдошбай Маматовичтин (1965-1998ж.ж) салымын өзгөчө белгилөөгө туура келет. Ал Ош пединиститутунун физика – математика факультетинин бүтүрүүчүсү болуу менен өмүрүнүн көп бөлүгү аталган окуу жай менен байланышта өткөн. Ж.Маматов эмгек ишмердүүлүгүн электрик болуп иштөөдөн баштап, кийин окуу корпусунун коменданты, техникалык коопсуздук боюнча инженер болуп иштеп, өмүрүнүн акыркы жылдарында шаардын ишенимдүү чарбачыл жетекчилеринин бири болуп калган. Өзүнүн уюштуруучулук талантын, көп жактуу тажрыйбасын, энергиясын толугу менен ЖОЖдун окуу, илимий материалдык - техникалык базасын чындоого жана өстүрүүгө арнаган. Анын талыкпаган жана көп кырдуу ишмердүүлүгү менен Ош мамлекеттик университети мыкты жабдылган окуу жайга өсүп жетүүсүнө салым кошкон. АЧБ боюнча проректорлук кызматта ал дээрлик 30 жылга жакын убакыт иштеген.
1998-2005 жылдары Маматисаков Буркан Ботобекович административдик –чарба бөлүмүн жетектеп университеттин өсүп-өнүгүүсүнө өз салымын кошту.
2005- жылдан баштап АЧБ боюнча проректорлук кызматта мурда проректордун орун басары болуп келген экономика илимдеринин кандидаты Ж.Ормонов иштеди Ормонов Жапар Туратович коюлган максатка жетүүдө туруктуу, тажрыйбалуу жетекчи катары өзүн көрсөтө алды .
2000- жылдан университетте башкы корпустун айланасын жакшыртуу жана капиталдык курулуштар боюнча чоң иштер башталган. Окуу корпустардын, китепканалардын, жатаканалардын көпчүлүгү 1960-70 жылдарда курулгандыгын жана учурдун коопсуздук талаптарына жооп бербестигин эске алуу менен административдик - чарбалык кызматтын негизги күч аракети №1,2,3,4,5 объектилерге капиталдык ондоп- түзөө иштерин жүргүзүүгө багытталган. Бир катар окуу корпустары бүткөрүлүп колдонууга берилген. 2005- жылы медицина факультети орун алган Кампус ишке киргизилген. Анын жалпы аянты 2585 м2 . Төрт кабаттуу заманбап имаратта 36 окуу аудиториялары, компьютердик каана, 4 окуу лабораториясы, 2 лекция залы, концеренция залы, мультимедиа кабинети бар. Кыска убакыт ичинде №4а жана №4б жатаканаларынын ортосундагы имарат ( жалпы аянты509,54 м ) кайрадан курулуп, ал жерди китепкана, окуу залы жана чон лекция залы орун алган. Чет тилдер факультетине кошумча имарат курулду А.Масалиев проспектисиндеги №9 искусство факультетинин алынып салынган эски окуу корпусунун ордуна бизнес жана менеджмент факультети үчүн жаңы беш кабаттуу(3980 м) заманбап окуу коорпусу салынды. 2011- жылы заманбап кичи - футбол спорт аянтчасы эксплуатацияга берилди.
2014- жылдан баштап Ош мамлекеттик университетинин чарба департаментинин директору болуп, Зайнидинов Алтынбек Талипжанович иштеп жатат. Анын жетекчилиги менен капиталдык курулуш, капиталдык ондоп-түзөө иштери, окуу, илимий маалыматтык ишмердүүлүктөрдү техникалык жактан жабдуу, окуу инвентарларын жана эмеректерди даярдоо, алып келүү, имараттардагы инженердик - коммуникативдик түйүндөрдү ишке жарамдуу абалда кармап туруу жумуштары жүргүзүлөт.
Ушул учурда Ош МУда 15 окуу корпус ( алардын ичинен бирөө Өзгөн шаарында жайгашкан), кызматкерлер жана студенттер үчүн 7 жатакана, 12 сырттагы спорттук аянтча, 3 ичтеги, 2 мини- футбол үчүн аянтча, 8 актылык зал, 2 ден – соолукту чыңдоо борбору, 8 студенттик жатакана, лабораториялар жана өнөрканалар үчүн көп сандаган чарбалык курулуштар бар.
Бардык окуу корпустарына жана жатаканаларды жаңы окуу жылына даярдоо иштери тейлөөчү (персоналдык) кызматкерлердин күчү менен аткарылат жана косметикалык ондоп- түзөө иштери жүргүзүлүп турат. Окуу корпустары, жатаканалар, санаторий- профилактория кезек менен ремонттолуп турат. 2001- жылы университетте эмерек цехи уюштурулуп, анын кызматкерлери тарабынан көптөгөн эмеректер даярдалып жатат. ЖОЖ дун өздүк ремонттоочу бригадасы да жемиштүү иштеп келе жатат.Мыдай тармактык түзүлүштөрдүн ишке киришүүсү менен ремонттук иштерге жана эмеректерди алып келүүгө кетүүчү чыгымдарды бир топ төмөндөтүүгө болот. Жаны окуу жылына , күзгү- кышкы жана жылуулук берүү мезгилдерине даярдоо жумуштарынын жүрүшүндө университеттин чарбалык тармактары тарабынан имараттардын капиталыдк ремонту, жылуулук берүү, таза суу, газ системаларын жана сантехникалык жабдууларды текшерип чыгуу боюнча ондоп-түзөө жана чарбалык иштердин комплекси аткарылып келе жатат. Окутуучулардын жана студенттердин аудиториялардагы, окуу корпустарындагы иш орундарынын шартын жакшыртуу максатында жумшак жана катуу инвентарлар толукталып турат. Университеттин материалдык-техникалык базасын жогорулатуу төмөнкү багыттар аркылуу жүргүзүлөт:
- капиталдык курулуш,
- капиталдык жана күндөлүк ремонт,
- маалыматтык, илимий жана окуу ишмердүүлүктүн техникалык жабдылышы,
- окуу инвентарларын жана эмеректрди даярдоо жана сатып алуу,
- инженердик коммуникацияларды жана курулуш жана имараттар тармагын иштөө абалында кармоо,
- курулуш жана имараттарды каттоо.
Университеттин имараттарда жана жатканаларда материалдык баалуулуктарды сактоо жана үнөмдүү пайдалануу, өрткө каршы күрөшүү, санитардык абалы жана техникалык, электирдик коопсуздугун сактоо максатында ар дайым иш - чаралар жүргүзүлөт. Окутуучулардын кызматкерлердин жана студенттердин эс алышы үчүн Ысык-Көл областынын Түп районунда жайгашкан “Үмүт” пансионаты, Ош областынын Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында эс алуу жайы бар, ал жерлерде мезгил- мезгили менен ремонт иштери жүргүзүлүп турат. Административдик чарба департаментинде төмөндөгү кызматкерлер үзүрлүү эмгектенип келүүдө: 1. АЧДнын директору 2. АЧДнын директорунун орун басары 3. Жетектөөчү адис 4. Инженер куруучу 4. Камсыздоочу 5. Башкы энергетик 6. Камсыздоочу 7. Кампачы 8. Мамлкеттик сатып алуулар боюнча адис 9. Техникалык коопсуздук инженери 10. Иш жүрүтүүчү 11. Телефонист 12 . Окуу корпусунуда 25 комендант 13. Жатаканаларда 7 комендант 14. Тех. персоналдар 392 кызматчы.