17:57 21-01    Кышкы лагерь       14:53 21-01   Отдел по связям с общественностью Посольства США в Кыргызской Республике объявляет о начале приема заявок от издательств, образовательных учреждений и общественных организаций на издание книг американских авторов на кыргызском языке.       14:48 21-01   Конкурс исследовательских грантов       14:47 21-01    Кышкы лагерь       14:00 21-01   Энергетика кафедрасы өндүрүш жетекчилери менен тегерек стол өткөрдү       13:06 21-01   sfdfdsfd sdfdsfsdf sdf       10:16 21-01   ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору доцент К.Г. Кожобеков ФТФда семинар өттү       10:08 21-01   Семинар-тренинг өттү       10:00 21-01   ФТФда көз карандысыз аккредитацияга даярдык боюнча семинар болду       15:38 20-01   На базе МНОЦ «Университетская клиника» ОшГУ, прошли лекции ведущих ученых из Италии и Швейцарии - Марии Дель Гранде и Оливии Пагани.     


Сиз бул жердесиз: Университет / Факультеттер / Кыргыз филологиясы жана журналистика факультети

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультети

Маалымат тактайчасы
Цели, миссия, задачи и история
Кафедралар
Магистратура
Факультеттин тарыхы
Абитуриенттер үчүн
Фото галерея

       Урматтуу замандаш!
      Эгерде сиз улутубуздун унгусу эне тилибиздин күнгөй-тескейине күйгөн, улуттук маданиятты, улуттук дөөлөттөрдү даңазалаган өлкөбүздүн патриот инсаны болууну кааласаңыз, келечекке оптимисттик маанайда карасаңыз, анда Сиз үчүн кыргыз филологиясы факультетинин эшиги ачык!
      Факультет азыркы учурдун талабын эске алуу менен кыргыз тили жана адабияты, журналистика, өзбек тили жана адабияты адистиктерин даярдоодо.
      Студенттердин жашоосуна жана эс алуусуна ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Алсак, 255 орундуу, жалпы аянты 3266 кв.м. болгон жатаканасы бар. Окуу корпусунда спорт аянтчасы жана спорт залы да жайгашкан. Бул жерде биздин студенттер денесин чыңдоого жана спорттун тигил же бул түрү менен машыгуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. Демек, адистикке даярдоодо факультетте жеткиликтүү материалдык-техникалык база түзүлгөн.
      Студенттердин өз алдынча билимин өркүндөтүүсүнө, өз билимдерин тереңдетүүсүнө, сүйгөн багытындагы түрдүү маалыматтарды алуусуна ыңгайлуу шарттар факультетте бар.
      Алсак, факультеттин китепканасында 260000ге жакын, ал эми кыргыз тили, адабияты каанасында 7000 дей окуу-усулдук, көркөм философиялык, педагогикалык, психологиялык жана укуктук адабияттар бар. Окуу каанасы 45 орунга ылайыкталып, керектүү адабияттар менен бирге кесипке зарыл мезгилдүү басылмалар жазылган жана алардын тиркемелери сакталат. Ошондой эле студенттер башкы окуу корпусундагы жана областтык, шаардык китепканалардан пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүнө да ээ.
      Мындан сырткары журналистика бөлүмүндө заманбап медиаборбор жана “Башат” телестудиясы бар. Ал зарыл техникалык каражаттар менен (аудио-видео, проектор, компьютер, ж.б.) жабдылган.
      Биздин факультеттин адистиги ак-караны ажырата алган, эл-жеринин келечегине күйгөн мекенчил инсандарды калыптандырууга шайкеш келет. Анткени бизде кыргыздын тили, адабияты гана эмес, анын рухий дөөлөттөрү, жалпы эле Адамзаттын маданияты окутулат жана үйрөтүлөт.
      Бизге келип окусаңар, эч бир жанылышпайсынар. Окуу жайдын эшиги ар дайым силер үчүн ачык, урматтуу абитуриенттер!
      Дареги: Масалиев пр. 91а, Ош ш., 714000, Кыргыз Республикасы Телефон: + 0551919179 0(32 22)8-76-93 E-mail: filologia@mail.ru   
                      Сиздерди терең урматтоо менен,
                  Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин деканы,
                  педагогика илимдеринин доктору, профессор Момуналиев С.М.

               



Факультеттер



© 2014 ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ © Программалык жабдуу ОшМУ "Медиа БОРБОР"
Кыргызстан, 723500, г. Ош, ул. Ленина, 331, ОшГУ Главный корпус
Общий отдел: +996 3222 2-22-73, факс +996 3222 2-40-66, oshsu.oms@gmail.com
Приемная комиссия: +996 3222 2-45-25, oshsu.oms@gmail.com