Медиа центр
Медиа борбор 2006-жылы ОшМУда алгачкы жолу түзүлүп өз ишин баштаган. Заманбап тeхнологияларды окуу процессине киргизүү борбордун негизги максаты болгон.
Борбордун милдеттери:
-Окуу процессине керектүү тематикалык видеотека түзүү (видео, кино, теле жана даректуу фильмдер);
-Электрондук окуу куралдарын чогултуу (мультимедиялык жана электрон- дук китептер, сөздүктөр жана энциклопедиялар);
- Фотобанк түзүү (түрдүү жанрдагы электрондук сүрөттөр); (audio cassete, CD, MD, DVD, miniDV, S-VHS, VHS, Video-CD, AVI, DViX форматтарында) сактоо, көбөйтүү, иштеп чыгуу жана факультеттерге таркатуу болуп эсептелет.
Мындай борбор Кыргызстандын окуу жайларынын ичинен биринчи- лерден болуп ОшМУда ачылган.
Азыркы мезгилде борбор ОшМУнун ректору ф. и. д. профессор К. А. Исаковдун демилгеси менен акыркы үлгүдогү заманбап техникалык каражаттар - кубаттуу компьютер, сканер, принтер, көбөйтүүчү каражаттар жана эмеректер менен камсыздалып, компьютердик билим берүүчү, өзү үйрөтүүчү жана өнүктүрүүчү программалары, мультимедиялык, документалдык жана таанып билүүчү фильмдери жана электрондук китептери, окуу куралдары биригип жалпысынан - 1000ден ашуун материалдары бар.

Биздин факультеттердин, кафедралардын буйрутмасы менен 650 медиа материалдар алынып келинди. Сиздер тандаган окуу куралдар медиа борбордон көчүрүлүп декандардын рапортунун негизинде ректордун макулдугу менен берилет. Медиа борбордун иши ректорат тарабынан колдоого алынып, мындан ары да өнүктүрүү максатында жаңы медиа материалдар менен толуктала бермекчи. Окутуунун мындай жаңы технологиясына кызыккан бардык факультеттер, кафедралар жана жеке окутуучулар, өзүңүздөргө тиешелүү, керектүү медиа окуу куралдарын интернет аркылуу тандап, тизмеси менен кайрылсаңыздар болот.

Сиздердин берген буйрутманыздарга карап медиа каражаттар дагы алынып келинет.
Миң уккандан бир көргөн артык дейт урматтуу окутуучу!
Сиз өз билиминизди өркңндөтңп, студенттериңизге илимдин кенин казып берем десеңиз, медиа борборго кайрылыңыз.


E-mail:mediacentre@bk.ru
Дареги: ОшМУнун Борбордук китеп канасы, 3 кабат, 312 кана.
Байланыш телефондору: +996 -772 84-31-08
Борбордун сайты://mediacentre.oshsu.kg/