17:57 21-01    Кышкы лагерь       14:53 21-01    Грант Посольства США в Кыргызской Республике.       14:48 21-01    Конкурс исследовательских грантов       14:47 21-01   Кышкы лагерь       14:00 21-01   Энергетика кафедрасы өндүрүш жетекчилери менен тегерек стол өткөрдү       13:06 21-01    sfdfdsfd sdfdsfsdf sdf       10:16 21-01   ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору доцент К.Г. Кожобеков ФТФда семинар өттү       10:08 21-01   Семинар-тренинг өттү       10:00 21-01   ФТФда көз карандысыз аккредитацияга даярдык боюнча семинар болду       15:38 20-01   На базе МНОЦ «Университетская клиника» ОшГУ, прошли лекции ведущих ученых из Италии и Швейцарии - Марии Дель Гранде и Оливии Пагани.     


Вы здесь: Университет / Факультеты / Исторический факультет / Тарбиялык иштер

Тарбиялык иштер

Тарых факультетинин 2015-2016-окуу жылы үчүн түзүлгө н тарбиялык иштеринин

аткарылышы жөнүндө билдирүү

Тарых факультетинин 2015-2016- окуу жылына түзүлгөн тарбия иштеринин жалпы жобосу 2015-2016- окуу жылыүчүн түзүлгөн китептин негизинде иштелип чыкты. Алар төмөндгү пунктардан турат:

1. Уюштуруу иштери

Жалпы студенттик тайпаларга дайындалган кураторлор бекитилип приказ чыгарылды. Биринчи курста окуган студенттерге студенттик тайпанын куратору дайындалып жана бекитилди (Иб1-15 тайпасына С.Осмонова)Ар бир кафедралардын тарбия иштери боюнча жетекчилери дайындалып пландары бекитилди.

2. Окуу-тарбия иштери

Тайпалык старосталардын милдет, укуктарын түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Кураторлор менен тайпалардагы студенттердин сабактардагы жетишүүсүн, катышуусун көзөмөлдөө жана сабакка катышпаган, жетишүүсү начар студенттер менен индивидуалдуу иштерин жүргүзүлүп жатат.

Ар бир тайпадагы тарбиялык сааттардын (куратордук сааттардын) өтүлүшүн көзөмөлдөө ар бир жуманын экинчи күнү, төртүнчү паарага коюлган, бирок айрым кураторлор башка факультетте сабактары болгондугуна байланыштуу кебирлери өтүлбөй жатат.

Эңмыктыокуган студент-активдердин «Ардактактасын» уюштурулуп факультеттин биринчи кабатында илинип турат.

Тайпалык журналдардан сабакты көп калтырган, начар окуган студенттердин тизмесин аныкталып жазуу түрүндө деканатка билдирилди.

3. Гуманизмге тарбиялоочу иш-чаралар

ОУДТ кызматкерлери ар бир айда 3төн спектаклдерди студенттерге жана окутуучуларга тартууламакча, баруунукураторлор менен биргеликте уюштуруп. 1-жылга бир группага 2-билет сатылып анын баасы 100сомдон болду.

21-сентябрь куну мамлекеттик тил майрамына карата биринчи курстар менен факультеттин денгээлинде эне тилибизди ардакктап сыйлоо максатында иш чара өткөрүлүп, тил кафедарасынан окутуучулар чакырылып алар өздөрүнүн бааларын беришти. таланнтуу студентерибиз факультеттин грамоталары менен сыйланышты.

12-декабрь “Адабият күнүнө” карата А. Осмоновдун чыгармаларына арналган поэзия кечеси уюштурулуп, анда студенттер сүрөт көргөзмө театралдык көрүнүш көрсөтүп жана автордук чыгармадагы ырларын көркөм окуп факультеттин ардак грамотасы менен сыйланды. 1-орун театралдык көрүнүш менен корком окуу боюнча 1-иб-2-14 тайпасынын студенти Орозмаматов Жакшылык.Көркөм окуу боюнча 2-орун иб1-12 тайпасынын студенти Сааданбек у Дамир. 2 – орун иб1-14 тайпасынын студенти Шамырбек уДайырбек.

21-февраль Бүткүл дүйнөлүк эне тилине карата факультетте биринчи курстар арасында 18-февраль күнү конкурс уюштурулду. Студенттер өз тилин сыйлоо менен мамлекеттик тилди кадырлоого үйрөнүүгө адабий тилдин номасында сүлөөгө чакыруу жаатында жана Кыргызстанда жашап жаткан ар түрдүү улуттардын тилин сыйлоо менен алардын маданиятын, ар улуттун каада салттары чагылдырылып, улуттук бий жана ырлары ырдалды.

Биринчи курстардын студенттерине мекенчилдик тарбия берүү максатында 25-сентябрь факультеттин К. Малтаев атындагы музейин көрүү уюштурулду жана 23-октябрьда университеттин тарыхый музейи менен таныштыруу өткөрүлдү.

Факультетте Искак Разаковго арналган көркм тасмалар көрстүлдү.

Тарых жана маданият жылына карата университетте жана факультетте өткөрүлүүчү иш чаралар бекитилип жана алар аткарылып жатат.

Тарых жана маданият жылына карата “Акын менен поэзия кечеси уюштурулуп” “Күн жашынган аска” аттуу чыгарманын автору Бекмурат Келдибаев менен биргеликте поэзия кечесин өткөрүп. Эн мыкты окуган ырлар үчүн 1.2.3.4.- курстарда окуган 6 студенттке акын агайыбыздын китеби белекке тапшырылды.

“Мен сүйгөн чыгарма” аттуу адабиятчылар менен биргеликте адабий талкуулар уюштурулуп өткөрүлүп жатат. Биринчи болуп 5та1-11 тайпасы 10-март күнүн дүйнөлүк адабияттын өкүлүнүн Шекспирдин -Король Лир деген чыгармасы талкууланды.

Кыргызстандын тарыхына жана улуу инсандарына байланышкан темада ОшМУнун факультеттери арасында окутуучу-профессордук курамы менен лекция жолугушууларды уюштурулуп. Тарых факультетинин тажрыйбалуу окутуучулары ОшМУнун бардык факудьтеттеринде лекциялар отүлүп жатат.

4. Интеллектуалдык тарбия

Президенттик, атуулдук стипендиянттар менен 1-курстун студенттеринин ортосунда жолугушуу жана “Студенттин ийгилик формуласы” аттуу китептин бет ачаар аземи 20 - ноябрь өткөрүлдү.

«Брейн-Ринг» интеллектуалдык таймаш өткөрүлүп факультеттин грамоталары 3-орунга берилди 1орун - иб 1-12. 2 орун-иб2-14. 3орун - иб-1 -13 тайпаларына берилди жана эн мыкты тапкыч наминациясы иб2-14 тайпасынын студенти Юлдашев Базарбай сыйланды.

5. Маданий-эстетикалык иш-чаралар

17-ноябрьда ОУДТ өткөрүлгөн “ОшМУнун Стилдүү студент - 2015» күзгү-кышкы кийимдердин көргөзмө оюн-зоок кечеси болуп өтүп 14-факультет катышты анын ичинен 3иб1-13 тайпасынын студенти Маматова Аида катышып Ысык-көлгө жолдонмо алды.

10-ноябрь Бүткүл дүйнүөлүк жаштар күнүнө жана 17-ноябрь студенттер күнүнө карата «Жаштык» жумалыгы уюштурулуп ОшМУнун отличниктер слетунун катышуучусу иб-1-12 тайпасынын студенти Маманов Мурат 3000 сом акчалай сыйлык жана ОшМУнун грамотасы менен сыйланды.

Бүткүл дүйнүөлүк жаштар күнүнө карата ОшМУнун факультеттери аралык шаир тапкычтар клубунун- ШТК оюну өткөрүлүп, факультеттин “Легион” командасы катышып акчалай сыйлык 5000 сом менен жана ОшМУнун ардак грамотасы менен сыйланышты.

Тарых жана маданият жылына карата «ОшМУ жазы - 2016» таланттуу студенттердин фестивалы уюштурулуп Иб1-15 тайпасынын студенттери кыргыз бийин бийлеп ОшМУнун 2-даражадагы диплому менен сыйланды.

Тарых жана маданият жылына карата “Бабалар салтын сактайбыз аттуу” студенттик тайпалардын кыргыз элинин каадасалттары боюнча театралдык коюмдар 20-март күнү “Кадыр түн” тосуу каадасы ОшМУ тарабынан майрамдык маданий программа уюштурулуп мэриянын аянтында көрсөтүлдү. Тарых факультетинин 5.2.1- курстарынын студентери кыргыз элинин каада салттары боюнча театралдык көрүнүштөрдү көрсөтүп ОшМУнун алкышына татыктуу болушту.

Азыркы учурдагы дүйнөдөгү күчөп жаткан терроризм, экстремизм жана мамлекетибиздин түштүк аймагында болуп жаткан жер титирөөлөрдү эске алуу менен коопсуздук эрежелерин студенттерге түшүндүрүү иштери адистер чакырылып 9-декабрь ЧАЗда болуп өттү.

6. Дене тарбиясы

28 -Сентябрь факультетте спорттук иш чара откорулду волейбол, гир которуу кол курош. Балдар кыздар арасында. Жыйынтыгы кол күрөштөн Орозмаматов Жакшылык 1 орун. Волейболдон 4 курс Иб 2-12 тайпасы женишке жетти.

Факультеттерде футбол, волейбол, баскетбол ж.б. боюнча курстар аралык мелдештерди уюштурулуп жана спорттун аталган түрлөрүнөн факультеттин балдар, кыздар курама командалары түзүлдү.

Футбол, волейбол, баскетбол ж.б. боюнча факультеттин курама командаларынын үзгүлтүксүз машыгуусу уюштурулган.

19-24 октябрьда ОшМУдагы 1-курстардын спартакиадасы өткөрүлүп Иб-1-15 тайпаларынын студенттери активдүү катышты. Спорттун балдар волейбол түрү боюнчафиналга чейин жетип 4 – орунгду алышты.

1- Декабрь «СПИД жөнүндө эмне билесиң?» деген темада диспут өткөрүлдү. Эпидемолог врач менен студенттердин жолугушууларын уюштуруп студенттер арасында кызуу талкуу болуп адистер менен маектештик.

7. Саясий-укуктук, патриоттук жана интернационалдык тарбия

Мекенди коргоочулардын күнүнө карата «ОшМУ мырзасы - 2016» жигиттер конкурсунда иб1-15 тайпасынын студенти Райымберди уулу Кызырбек. Активдүү катышып факультеттин намызын коргоду жана ыссык-көлгө жолдонмо алды.

3-март КР мамлекеттик желеги кабыл алынган күнүнө карата “Кыргызстанымдын желеги-жүрөгүмдө желбирейт!” мекенчилдик иш чарасы уюштурулуп. Факультетибизде саа 8-00дө КР Желеги көтөрүлүп, мамлекетибиздин гимни аткарылып студенттерге утренник өткөрүлдү.

8. Жатаканада жүргүзүлүүчү тарбиялык иштер

21-декабрьдан 10 – январьга чейин Окутуучуларыбыз график менен күзөттө турушту жана жатаканадагы балдарыбыздан кабар алып турушту. Жаны жылдык иш чара өткөрүлүп ректорубуз өзү аяз ата болуп катышты. Факультетибиздин декан жана окутуучуларыбыз активдүү катышып жатаканада жашаган студенттерибизди куттукташты жана аяз атабыздын белектерин алышты.

Жумасына бир жолу жатаканаларга рейт (кыдыруу) жана сабака барбаган студенттерди көзөмөлдөө жүргүзүлүдө.

Ай сайын жатканада жашаган студенттердин тартибин жана бөлмөсүнүн тазалыгын көзөмлдөө жүргүзүлүүдө.

Тарых факультетинин тарбия иштери

боюнча декандын орун басары

т.и.к., доцент: Осмонова С.К.


               



Факультеты



© 2014 ОШСКИЙ ГОСУДАРСТВЕННЫЙ УНИВЕРСИТЕТ © Программное обеспечение ОшГУ "Медиа Центр"
Кыргызстан, 723500, г. Ош, ул. Ленина, 331, ОшГУ Главный корпус
Общий отдел: +996 3222 2-22-73, факс +996 3222 2-40-66, oshsu.oms@gmail.com
Приемная комиссия: +996 3222 2-45-25, oshsu.oms@gmail.com